Көчөдө түкүрүнгөн эки милиционер изделип жатат

11 января 2019 Көчөдө түкүрүнгөн эки милиционер изделип жатат

Милиция кызматкерлери түкүрүнүп жатканын күбө видеого тартып алган.

Бишкекте №1 тергөө абагынын жанында түкүрүнгөн эки милиция кызматкери изделип жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ШИИБден маалымдашты. 

Окуянын видеосун күбө WhatsApp каналы аркылуу жиберди. Анын айтымында, кадр 9-январь күнү саат 17.53тө тартып алынган.

"Эки кызматкердин аты-жөнүн тактоо иштери жүрүп жатат. Алар Эреже бузуу кодекси боюнча жазаланат", — дешти ШИИБден.

Буга чейин дагы жарандар көчөдө түкүрүп, чылым чеккен милиционерди видеого түшүрүп алышкан. Көп өтпөй анын ким экени жана кайсы жерде иштээри аныкталган. 



Дагы: sputnik.kg, фото-Табылды