Испаниялык үй-бүлө пирогдун ичинен 10 миң евролук чек таап алды

10 января 2019 Испаниялык үй-бүлө пирогдун ичинен 10 миң евролук чек таап алды

Таттуунун ичинен үй-бүлө башчысы бактылуу кагазды сууруп чыкканда баары таң калышкан.

Испаниялык үй-бүлө сатып алган пирогдун ичинен 10 миң евролук чек таап алды. Бул тууралуу Sputnik Белоруссия жазды.

Чек таапкан үй-бүлө Самора шаарында жашап, сегиз адамдан турат. 6-январда католиктердин "Үч падышанын күнү" майрамын белгилөө үчүн үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары чогулушкан. Майрамдык дасторкондо 10 миң евролук чек катылган пирог да бар болчу.

Белгилей кетсек, Conrado кондитердик фабрикасы 2009-жылдан бери майрам алдында жарнамалык акция иретинде пирогдорунун бирине ири өлчөмдөгү чек салып коет.

Пирогду сатып алган Ана Белен Корралес акцияны ЖМК аркылуу угуп, байкап көрүүнү чечкен, бирок бактылуу чек ага туш келет деп такыр күткөн эмес.

Үй-бүлө ири суммадагы чек алардын пирогунан чыгарын айтып элге тамашалап коюшкан. Анан эле Ана Белендин жолдошу бактылуу кагазды сууруп чыкканда баары таң калышкан.

Испанияда "Падышалардын пирогу" аталган таттууну майрамдын алдында белекке берүү салт болуп калган.



Дагы: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Сергей Аверин