10 января 2019
Коргоо министрлиги аскер автоинспекциясы качан иштей турганын айтты.
Россиянын Коргоо министрлиги Кыргызстандагы, Абхазиядагы жана Түштүк Осетиядагы базаларында туруктуу иштей турган аскер автоинспекциясын киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу РФ Коргоо министрлигинин сайтында маалымдалды.
Коргоо министрлигинин башкы аскер полиция башкармалыгынын аскер автоинспекциясынын жетекчиси Сергей Постниковдун айтымында, автоинспекциянын штаты 2019-жылдын соңуна дейре түзүлөт.
Учурда аскер автоинспекциясынын инспекторлору аталган аскер бөлүктөрүндө убактылуу кызмат ордунда иштеп жатат.
Жогорудагыдай инспекциялар 2018-жылы Тажикстанда жана Арменияда да түзүлгөн.
Дагы: sputnik.kg, © Sputnik / Михаил Воскресенский