Кимиси жеңет? Кыргызстан — Түштүк Корея беттеши боюнча букмекерлердин божомолу

10 января 2019 Кимиси жеңет? Кыргызстан — Түштүк Корея беттеши боюнча букмекерлердин божомолу

Алгачкы оюнда утулуп калганына карабастан улуттук команданын плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгү бар экени айтылууда.

 Букмекерлер Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын Азия чемпионатында Түштүк Кореяны утуп алуу мүмкүнчүлүгү аз дешти.

Улуттук команда биринчи жолу Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө чыкты. Биринчи турда кыргызстандыктар 1:2 эсеби менен Кытай командасынан утулса, түштүк кореялыктар 1:0 эсеби менен Филиппин футболчуларын  жеңип алган. Эми 11-январда боло турган экинчи турда Кыргызстан Түштүк Корея менен, Кытай Филиппин командасы менен беттешмекчи.

"Марафон бет" букмекердик конторасы кыргызстандыктардын жеңишине — 18,5 коэффициент койсо, кореялыктарга — 1,16 берген, ал эми тең эсепке — 7,3 деп турат. Tennisi конторасы улуттук команданын жеңишине — 17, ал эми калган эки көрсөткүч кесиптешиникиндей эле. Экерте кетсек, коэффициент канчалык аз болсо, жеңишке болгон мүмкүнчүлүк ошончолук жогору. Демек, букмекердин божомолунда түштүк кореялык команданын мыкты экени айгине.

Плей-оффко тайпадагы эки мыкты команда чыгат. Ал эми үчүнчү орун алган команда финалдын 1/8 бөлүгүнө чыгуу мүмкүнчүлүгү бар.



Дагы: sputnik.kg, © Sputnik / Табылды Кадырбеков