Клинцевич: Ооганстан АКШ үчүн Борбордук Азиянын ишине кийлигишүүчү базага айланууда

9 января 2019

АКШ Борбордук Азия өлкөлөрүнүн саясий иштерине кийлигишүүнүн активдүү фазасын баштоо үчүн Ооганстанга басым жасап жатат, мунун максаты – Орусия басым жасоо, деп билдирди РИА Новостиге Федералдык кеңеш коргонуу комитетинин мүчөсү Франц Клинцевич.

Декабрда Wall Street Journal басылмасы АКШнын администрациясы америкалык аскерлер 2001-жылдан баштап өзүнүн тарыхында эң узун операция өткөрүп жаткан Ооганстанда өзүнүн аскердик контингентин бир топ кыскартуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат деп билдирди. CNN телеканалы Ак үйдөгү булакка таянуу менен АКШнын аскердик контингенти Ооганстанда болжолдуу тең жарымга – 7 миңге чейин аскер кызматкерлери кыскарарын билдирди.

“АКШ Ооганстанды Борбордук Азия республикаларынын ички ишине кийлигишүүнү баштоо үчүн плацдарм катары колдоно баштайт, бул кампаниянын максаты – Орусияга басым жасоону улантуу”, - деп белгиледи сенатор.    

Анын сөзү боюнча, “Талибан” радикалдык кыймылын контролдоо жана Ислам мамлекети террористтик уюмун өнүктүрүү үчүн калган контингент америкалыктарга жетиштүү болот.

“Келечекте ушул террористтик топтун бардык мүмкүнчүлүктөрү жана ресурстары Борбордук Азия республикаларындагы кырдаалду туруксуздаштырууга, жаңы кызыл сары революция үчүн өбөлгө түзүүгө колдонулат”, - деп белгиледи Клинцевич.

Ал: “АКШ кайда барса, ал жактан чыкпай коёт”, - деп белгиледи.

Клинцевич америкалыктар буга чейин дагы ооганстандын аймагын өзүнүн максаттары үчүн колдонууга аракет кылышкан, бирок Советтер Союзу алардын бардык пландарын кыйратканын белгиледи.

Булак: http://stanradar.com/news/full/32396-klintsevich-afganistan-stanovitsja-dlja-ssha-bazoj-dlja-vmeshatelstva-v-dela-tsentralnoj-azii.html?utm_source=dlvr.it&utm_medium=twitter&fbclid=IwAR1sGpTw2KQzi-k4lx2nE-BJADXA2W8VcpTbUv9uHou2gGs8oJYN2STV9Hw