Бүгүн күнгө шаршемби, 9-январь. Жылдын бүтүшүнө 356 күн калды.
9-январда Кыргызстанда жана ааламда болгон окуялардын маанилүүрөөгүн Sputnik Кыргызстан тизмелеп чыкты. Алардын арасында тагдыры чечилген Абдыкерим Сыдыков, Наполеондун өлүмүнө чейинки учурлар бар.
Кыргызстанда:
1934-жылы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрдүн башында тургандардын бири Абдыкерим Сыдыковго "Социал-Туран" деп аталган улутчул контрреволюциялык уюмдун" жетекчиси деп айып тагылат. Ага күнөөнү толугу менен коюп чыгуу 1934-жылдын ушул күнү жыйынтыкталат;
1968-жылы эл арасына "Сакиш" аты менен таанылган актриса Айнура Турганбаева туулган;
2007-жылы эл аралык "Манас" аэропортунда ал кездеги ЖК депутаты Темир Сариев кармалып, кийинчерээк кое берилген. Анын себеби декларацияланбаган ири суммадагы акчаны алып чыгууга аракет кылды деп айтылган.
Ааламда:
1792-жылы Түркия менен Россиянын ортосунда тынчтык келишими түзүлгөн. Бул 1787-1791-жылдардагы согуштан кийин болгон;
1799-жылы Улуу Британияда дүйнөдө биринчи ирет киреше салыгы киргизилген;
1951-жылы Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасы ачылган;
2007-жылы Стив Жобс тунгуч iPhone аппаратынын бет ачарын өткөргөн.
Жарык дүйнөгө келгендер:
1913-жылы АКШнын 37-президенти Ричард Никсон туулган. Ал белгилүү Уотергейтс чырынан кийин кызматынан кеткен;
1930 –жылы советтик мыкты футболчулардын бири Игорь Нетто туулган;
1982-жылы Англия ханзаадасы Уильямдын жубайы, Кембридж герцогинясы Кэтрин төрөлгөн. Эл арасында Кейт Миддлтон деген ат менен белгилүү;
1996-жылы Дагестандын Кизляр шаарында террордук акты болуп, согушкерлер төрөт үйү менен оорукананы басып алган.
Көз жумгандар:
1873-жылы Франция императору Наполеон III көз жумган. Аталган датага чейин үч ай мурда тактыдан жылмышкан. Анын өлүмүнүн себеби бөйрөгүнө жасалган операция болгон;
1878-жылы бирдиктүү Италиянын падышасы Виктор Эммануил II көз жумган.
Дагы: sputnik.kg, фото-© AFP 2018 / TONY AVELAR