Ажыга барчуларды каттоо башталды

9 января 2019 Ажыга барчуларды каттоо башталды

Каттоого алуу иштери 31-январга чейин уланмакчы.

 Кыргызстанда 2019-жылы ажыга барчуларды каттоо башталганын муфтият билдирди.

Каттоо иштери 31-январь, саат 17.00гө чейин уланат. Зыяратчылар "РСК Банкка" 500 доллар жана 700 сом төлөгөнү боюнча чекти көрсөтүп, шаардык же облустук казыяттардан каттала алат.

Мындан тышкары, ажыга барам деген кишинин жанында жалпы жарандык паспорту жана биометрикалык ID-картасы болушу кажет.



Дагы: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Михаил Воскресенский