9 января 2019
Отургузуу үчүн бадалдар тукумуна кирген дарактардын 28 тонна 533 килограм үрөнү чогултулду.
Мамлекеттик токой фондусунун аймагында бак-дарактарды отургузуу үчүн 2 миң 431 гектар жер дайындалды. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Бул аймакка отургузуу үчүн бадалдар тукумуна кирген дарактардын 28 тонна 533 килограм үрөнү чогултулду. Мындан тышкары, 48 миң даана көчөт кыйыштырылды.
Бүгүнкү күндө Баткен облусунун Үч-Коргон, Аркин жана Баткен токой чарбаларында жалпысынан 1 миң гектар жерге сөксөөл отургузулганы айтылды.
Дагы: sputnik.kg, фото-© пресс-служба мэрии города Бишкек