9 января 2019
ӨКМдин №1 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Чүй дарыясынын Ысык-Ата районун аралап өткөн аймагынан эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, белгисиз эркектин сөөгүн 9-январга караган түнү саат 00.09 чамасында Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 30-чакырымы тарабынан табылды.
ӨКМдин №1 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Дагы: sputnik.kg, фото-© AP Photo / Rick Bowmer