Эсен Шишкараев: “Маңкурт” деген сөздү жазып жатканда терең ойлонуңуз

8 января 2019 Эсен Шишкараев: “Маңкурт” деген сөздү жазып жатканда терең ойлонуңуз

Көпчүлүк ата мекендик социалдык тармактардын колдонуучулары 19-кылымда кыргыздар кандай болгондугу тууралуу олуттуу талкуулай баштагандыгы мени бир аз кайгыга салат. Адатта алар фантазиясын жана тасмалардан көргөн учурларын пайдаланышат. Алардын түшүшнүгүндө бардык кыргыздар бай жашашкан, баарында толук кандуу боз үй, короо толгон кой жана жылкылары болгон.

Эмнеге мен кайрыгып кетем?! Чынында эле, биздин коом биздин ата-бабалар жъз жылдан бир аз көбүрөөк убакыт мурун эле кандай жашашкандарын билбейби, алар 20-кылымда жакшы же жаман болгондугу тууралуу кантип ой жүгүртө алышат? Эмнеге элдин көпчүлүгү дал ушул Улуу Октябрь Социалисттик Революциясын колдогон? Эмнеге актар кыймылы менен басмачылык эл арасында кеңири колдоого ээ болгон? Эмнеге биз бардык төрөлөр, мырзалар, бийлер, байлар жана казылар менен “Бирдиктүү жана бөлүнгүс Орусияны” эмес, совет бийлигин тандап алдык?!

Ал ортодо, эгер ушул колдонуучулар ошол убактын жөнөкөй тиричилигин, кадимки кедей дыйкандын (сөзгң кыстырма, дыйканчылык кыргыздар арасында 19-кылымдын жарымында гана пайда боло баштаган, буга чейин жер иштетүү уят иш болуп саналган) же кадимки чабандын турмуш-тиричилигин билишсе, бул элдин кийинки тарыхты кабыл алуусуна абдан жакшы таасир этмек деп ойлойм.

Тилекке каршы, эгемендикти алгандыгыбызга карабай, биздин өлкөдө бүгүнкү күндө бул багытта дээрлик изилдөөлөр жок. Демек, биздин тарыхты, маданиятты, салтты жана турмуш-тиричиликти Орусия Империясы менен Советтер Союузунун изилдөөчүлөрү гана кылдат жана терең изилдешкен.

Кадимки жашоочуга сүрөттөрдөгү балдар кандай оюндарды ойношконун, кандай оюнчуктарды колдонушканын, кандай жомокторду угушканын, деги эле тамактануу рациону кандай болгондугун кененирээк билүү кызыктуу болмок. Балалыктын кыска, балдардын өлүмү абдан жогору, ал эми балдар эмгегин колдонуу кадимкидей көрүнүш болгондугун баары эле биле бербейт? Ал эми окуганды жана жазганды чоңдордун баары эле биле берген эмес.

Мен мунун баарын эмнеге айтып жатам? Болгону, Сизде кимдир бирөөнүн дарегине “маңкурт” деген сөздү жазып жатканда Сиз өзүңүздүн ким экендигиңиз жөнүндө эки жолу ойлонуп көрүңүз.

Булак: https://www.facebook.com/100000918388644/posts/2560173747356546/