Ким Чен Ын төртүнчү ирет Кытайга барды

8 января 2019 Ким Чен Ын төртүнчү ирет Кытайга барды

Түндүк Кореянын лидеринин иш сапары 10-январга чейин уланат.

Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ын кесиптеши Си Цзиньпиндин чакыруусу менен Кытайга барды. Бул туурасында РИА Новостимаалымдады.

Ким Чен Ындын иш сапары 10-январга чейин уланат.

Мурдараак кореялык жана кытайлык булактар Түндүк Кореянын жогорку кызматтагы аткаминерлери баратат делген поезд Кытайдын чек арасынан өткөнүн билдирген. "Хангук Кёндже" басылмасына маек бергендер поезд келээрдин алдында Кытайдын коопсуздук органынын кызматкерлери келип станциянын кире беришин курчоого алганын айткан. Поезд чек арадан кирип ары кеткенден кийин курчалган аймак бошотулган.

Ушуну менен Ким Чен Ын Кытайга бир жылга жетпеген убакыт аралыгында төртүнчү ирет барды. 2018-жылы 25-28-мартта, 7-8-майда, 19-20-июнда келип кеткен.



Дагы: sputnik.kg, фото-© REUTERS / KCNA KCNA