Беттеш Бириккен Араб эмирлигинин Аль-Айн шаарындагы стадиондо өттү.
Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Азия кубогунун алкагындагы алгачкы оюнда Кытай менен беттешип 1:2 эсебинде утулуп калды. Негизги оюнга кошумча 5 мүнөт кошулганы менен эсеп өзгөргөн жок.
Беттеш Бириккен Араб Эмирлигинин Аль-Айн шаарындагы стадиондо өттү.
Оюндун 42-мүнөтүндө эсепти кыргызстандык футболчу Ахлидин Исраилов ачып, команданы алдыга алып чыкты. Бирок сегиз мүнөттөн кийин, тактап айтканда, оюндун 50-мүнөтүндө кытайлык футболчулар эсепти теңеди.
Ал эми 78-мүнөттө кытайлыктар дагы бир гол киргизип, 2:1 эсебинде алдыга чыкты.
Азия кубогу 5-январда Бириккен Араб Эмирлигинде башталды. Кыргызстандын командасы С тайпасына түшүп, Түштүк Кореянын, Кытайдын, Филиппиндердин командасы менен беттешет.
Дагы: sputnik.kg, фото-© AP Photo / Hassan Ammar