Евразиялык экономикалык комиссия тарабынан 2014-жылдан тартып Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттер менен биргеликте Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттерди песиялык камсыздандыруу жөнүндө макулдашуунун долбоору иштелип чыгууда, аны иштеп чыгууда Комиссия жана мүчө мамлекеттер Комиссиянын Кеңешинин 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 103 Чечими менен жактырылган Пенсиялык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө эл аралык келишимдин концепциясын жетекчиликке алган.
Макулдашуу долбоорунун негизги максаты болуп эмгек мигранттарынын пенсиялык укуктарын түзүү, сактоо жана ишке ашыруу, эмгекчилердин сенсиясын аныктоо жана экспорттоо менен байланышкан маселелерди чечүү, ошондой эле мүчө мамлекеттер ортосунда пенсиялык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүү.
ЕАЭБдин жарандыра үчүн мындай маанилүү документ негедир көптөн бери иштелип чыгууда! Эң жогорку деңгээлде иштелип чыгып жаткан Макулдашуу эмгекчилерге эмнени убада кылат? Пенсияны тариздөө менен азыр “эмгекчилер” деп аталып жүргөн эмгек мигранттары азып-тозогу чын эле бүтөбү?
Документтин баарын айтып берүүнүн зарылдыгы жок, ал эл аралык макулдашуу статусун кабыл ала элек. Бирок, анын айрым жоболоруна токтолуу керек, андан дагы аталган долбоордон орун таба албаган жоболор жөнүндө дагы сөз кылуу керек, алар кайсы бир убакта жетиштүү орун табарына деле күмөнүм бар. Себеби, ушул макулдашуунун катышуучуларынны кызыкчылыктары өтө бөлүнөт. Же тескерисинче, үстөмдүк кылган кызыкчылыктардын тобу колдонуудагы жарандарды социалдык камсыз кылуу системасында эч нерсени алмаштыргысы келбейт.
Маалымкат: компетенттүү органдар билдиргендей, бүгүнкү күндө кыргызстандын чегинен тышкары өлкөнүн 700 миңден ашык жараны чыгып кеткен. Эмгекчилердин негизги массасы жумушту Орусиядан табышкан. Биздин республиканын канча жараны орусиянын жарандыгын алууга арыз бергени белгисиз. Акыркы 10 жылда орусиянын жарандыгын алгандыгы жөнүндө маалыматтар да айырмаланат. Расмий маалыматтарга ылайык 1991-жылдан бери 570 миңден ашык кыргызстандык орусиянын жарандыгын алган. Орто эсеп менен жыл сайын 5 миңден 1 миңге чейин Кыргызстандын жараны Орусиянын паспортун алууга аракет кылып келет. Пенсиялык камсыздандыруу боюнча кырдаалды талдоодо бул акыркы ролду ойнобойт экендиги белгилүү болду.
Пенсияны кайдан иштеп тапсаң, ошол жерден ала бер
Бул адилеттүү принцип. Мына ушуну ЕАЭБдин аймагында бекитүү болжолдонууда. Бирок, бул азырынча жогоруда аталган Макулдашуунун долбоорунда гана. Бул принцип дагы азыр Орусиянын аймагында иштеп жаткандарга гана жайылтылат. Мурунку жылдары улуу державага өзүнүн билимин, эмгегин жана талантын бергендерге азыркы долбоордун эч кандай тиешеси жок.
Эгер сен Орусияда өмүр бою иштеп, бирок Кыргыз Республикасынын жараны бойдон кала берсең, орусиялык пенсияны ала албайсың. Биздин улуттук акчалардын курсу бирдей болуп турган учурда деле орусиялыктардын кирешеси бир нече эсе жогору. Мына Кыргызстандын жарандары болгон чындык жана жалгандар менен орусиянын жарандыгын алууга аракет кылып келишет. Республикада кош жарандуулук жок болсо дагы, ага тыюу салынбайт: чынында бул ар биринин жеке иши. Ал эми 2014-жылы Орусияда күчүнө кирген мыйзамга ылайык: Орусиянын жарандары башка мамлекеттин жарандыгын жашырганы үчүн кылмыш жазасына тартылат. Ага ылайык көпчүлүк кыргызстандыктар компетенттүү органдарга кыргызстандын паспортун сактап калгандагы жөнүндө билдирбесе, жаза мөөнөтүн алышы мүмкүн. Анткени, Орусия менен Кыргызстандын ортосунда кош жарандуулук жөнүндө макулдашуу жок. Бул маселе каралбайт дагы!
Жаран Орусиянын пенсиясын териздөө үчүн зарыл болгон маалымкаттарды берүүнүн оперативдүүлүгү боюнча республикалык тиешелүү түзүмдөр республикада жарандардын азаюусуна кызыктар. Ошондуктан, бюрократикалык жол-жоболорду эң төмөнкү деңгээлге чейин азайткандыгы мактоого татырлык. Бул жоопкерчиликтүү экенлигин билдирем, анткени Калининградга туруктуу жашоо үчүн көчүп кеткен досумдун жетишпеген документтерин чогултуу өзүмө туурга келген: эгер сөз документти Орусияга өткөрүү жөнүндө болгондуктан, бир дагы мекемеде создуктуруу болгон эмес.
Андыктан, сөз орусиянын жарандыгын алган жана тиешелүү жаш куракка жеткендиги боюнча орусиянын пенсиясын ала турган бактылуулар жөнүндө эмес, өздөрүнүн жашоосунда бир нерсени өзгөртүү мүмкүнчүлүгү жоктор же жөн гана республикада калган мекенчилдер жөнүндө болмокчу.
Эгер сиз Кыргызстандын жараны болсоңуз, анда сиздин Орусиядагы же башка өлкөдөгү социалдык төлөмдөрүңүз пенсиянын көлөмүн аныктоодо эч кандай роль ойнобойт. Эгер акчалар республикалык пенсиялык фонддогу сиздин өздүк эсебиңизге келип түшпөсө, анда пенсия кайдан алынмак эле?
Орусияда жана Кыргызстанда, ЕАЭБдин башка өлкөлөрүндө пенсияны эсептөө формуласы олуттуу айырмалана тургандыгын моюнга алуу керек. Кыргызстанда сиздин “советтик” стажыңыз жана советтик чегерүүлөр 90-жылдардагы кирешелер сыяктуу дээрлик эч кандай мааниге ээ эмес. Ал эми пенсиянын топтолмо бөлүгүн инфляция аёсуз жок кылууда.
Бардык азыркы пенсионерлерде кыйла маанилүү “советтик” стаж бар, бирок аларга мурун да эч нерсе тийген эмес, азыр дагы жаңы Макулдашуунун долбоору менен эч нерсе каралган эмес. Советтик өтмүш менен такыр эле коштошушту.
Ачыгы, советтик пенсиялык системадан муундардын тилектештиги принциби калган – азыркы жашап жаткан пенсионерлерге пенсияны азыркы иштеп жаткан жарандар иштеп тапкан каражаттардан төлөшөт. Бирок, бир пенсионерге аз дегенде үч иштеп жаткан адам туура келсе, бүгүнкү күндө бул планда Кыргызстандагы кырдаал катастрофалык деңгээлге жеткен: катышы дээрлик бирге бир! Ошондуктан, эмгек миграциясы, мигранттарды кандай атасак дагы, өлкөнүн бюджетине дагы, пенсиялык фонддун бюджетине дагы пайдасы жок. Бардык форумдарда эмгек миграциясынын оң жыйынтыгы катары эмгек мигранттарынын мекенге которгон чоң суммаларын аташууда: Кыргызстан жыл сайын райси тарнферттор боюнча 2 миллиарддан ашык доллар алат. Мына ушундай жол менен, Орусияда жана башка өлкөлөрдө иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүнүн үй-бүлөлөрүн, анын ичинде эң төмөнкү тиричилик деңгээлине чейин да жетпеген пенсиялары абдан аз карыган ата-энелерин материалдык жактан колдошот. Ал эми пенсиялык фонддорго чегеримдер эмгек мигрантынын жарандыгы боюнча эмес, иштеген жери боюнча эсептелет. Орусия үчүн мындай абал пайдалуу, бул өздөрүнүн пенсионерлерине пенсияны жана жөлөкпулдарды салыштырмалуу жогорку деңгээлде кармап турууга мүмкүнчүлүк берет. Бирок, Кыргызстанга жумушчу күчүн экспортоо пенсиялык фондго толуктоо алып келбейт, ошон үчүн ал өзүнүн жарандарына салыштырмалуу пенсиялык камсыздандыруу бере албайт. Ошон үчүн акыркы убакта элге жумушчу орундарын берген жана өлкөнүн бюджетин толуктаган жаңы ишканаларды түзүүгө көңүл бурулууда. Өлкөнүн мурунку жетекчилиги акыркы жылдары бир дагы ири ишканалар түзүлбөгөнүн жана ИДӨ дагы бир эле жерде жылбай турганын моюнга алган. Өлкө өндүргөнгө караганда керектегени көп болгону да жөн жеринен эмес.
Жакында эле Эл аралык мигранттар күнүнө карата Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков мындай деди:
“Биз башка өлкөлөрдө иштөөгө аргасыз болгон биздин мекендештерибиздин эмгегин жогору баалайбыз. Алар – Кыргызстанда маанилүү социалдык долбоорлорду ишке ашырып жаткан экономикалык инвесторлор. Кыргыз Республикасынын миграциялык саясаты биздин жарандардын, өзгөчө сүйүү жана мээримге бөлөнүп, үй-бүлөдө тарбияланып өсүшү керек болгон балдардын кызыкчылыгын коргоого жана жыргалчылыгын камсыз кылууга багытталышы керек! Биз өлкөнүн ар бир регионунда татыктуу жумушчу орундарын түзүүгө аракет кылышыбыз керек. Миграция акча табуунун негизги болбой, жаңы билим, көндүмдөрдү жана тажрыйбаларды алуунун мүмкүнчүлүгү гана болуш керек”.
Маалымкат: Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча 2017-жылы калктын 25,6 пайызы – 1 миллион 601 миң киши жакыр болгон. Алардын көпчүлүгү (72 пайызы) – айыл тургундары. Дагы 41 миң кыргызстандык жакырчылыктын чегинде жашаган. Республикада жылдык кирешеси 32 миң 93 сомдон же айына 2 миң 674 сомдон ашпаган жарандар кедей деп саналат. Өтө кедейлерге жылдык кирешеси 17 миң 471 сомду түзгөндөр же айына 1 миң 455 сом тапкандар кирет.
Дүйнөдө кедей деп күнүнө 2 доллардан (2018-жылдын 19-декабрына карата Улуттук банктын курсу боюнча 139,6 сом) аз акчага жашагандар эсептелет.
Муз качан ээрий баштайт?
Бирок, Макулдашуунун долбооруна кайтып келели: Кыргызстан, албетте, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде эмгектенип жаткандардын пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө макулдашуунун, ушундай түрдө болсо дагы, эртерээк кол коюлуусуна кызыктар. Бул тууралуу жакында өткөн “тегерек столдо” Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары Уланбек Асанов билдирди:
- Бул документ биздин өлкө үчүн бир катар себептерден улам маанилүү. Биринчиден, Макулдашуунну долбоорунун негизине тең, жарандыгынан көз каранды болбогон эмгектенгендердин укуктары камтылган. Эмгек мигранттары жашган жери, же пенсияны аныктаган өлкөнүн аймагы боюнча пенсия ала алышат. Кийинки учур – эмгек стажын кошуу. Бул жерде бардык чогултулган стаж, ал ЕАЭБдин кайсы өлкөсүндө чогултулганына карабай, эске алынат. Жана да, албетте, пенсиянын экспорту – бардык пенсиялык жана камсыздандыруу төгүмдөр мамлекеттердин ортосунда которулат. Муну менен, эгер адам ЕАЭБдин белгилүү бир өлкөсүндө белгилүү бир убакта иштесе, анда Кыргыз Республикасында ардактуу эс алууга чыккандан кийин, ал кыргыз пенсиясын да, чет элдикин да алат. Кайталайм – Пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө макулдашуу биз үчүн абдан маанилүү. Аталган документти биз канчалык создуктурсак, биз ошончолук көп упай жоготобуз.
Маалымкат: ЕАЭБге мүчө бардык мамлекеттерде пенсия алуу укугунун пайда болуу шарттары ар түрдүү. Милдеттүү шарттар болуп жаш курагы жана жумуш стажынын болушу кала берет. 2015-жылы Орусияда дагы кошумча параметр киргизилди – ЖПК деп аталган жеке пенсиялык коэффициент.
Орусияда камсыздандыруу пенсиясына укук алуу үчүн ЖПКнын өлчөмү 2025-жылдан тартып 30 жеке пенсиялык коэффициент кем болбошу керек (азыркы учурда 13,8 жеке пенсиялык коэффициент этабы менен 30га чейин көбөйөт).
ЖПКнын чоңдугу Орусиянын пенсиялык системасына төлөнгөн жана чегерилген камсыздандыруу төгүмдөрүнөн жана камсыздандыруу (эмгек) стажынын узактыгынан көз каранды болот. Ушуга байланыштуу, Макулдашуунун долбоорунда башка мүчө мамлекеттин аймагындагы иш стажы үчүн ЖПКнын чоңдугун эсептөөнү аныктаган ченем каралган.
Макулдашуунун долбоору боюнча ЕАЭБдин мүчөлөрүндө болгон бардык кайчы пикирлер, Орусия Федерациясынын мыйзамына ылайык ЖПКнын чоңдугу Орусия Федерациясынын пенсиясына укуктун пайда болуусу үчүн жетишсиз болгон учурда, мүчө мамлекеттердин аймагында 1 жылдык иш стажы үчүн ЖПКнын чоңдугун эсептөөгө тиешелүү ченемдерден тышкары, дээрлик жөнгө салынды. Белорус, казак, кыргыз жана орус тарап ЖПКнын чоңдугу 1ге барабар болушу керек деген позицияны карманышат. Армян тарап мамлекеттин ичиндеги Макулдашуунун долбооруна карата добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча ЖПКнын чоңдугу 1,8ге барабар болушу керек деген позицияны карманып келишет.
Консенсус табылып, Макулдашууга ЕАЭБдин бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлат деп болжолдой берсе болот. Бирок, азырынча конкреттүү мөөнөттөр белгиленген жок: “Ушул Макулдашуу күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мүчө мамлекеттердин мамлекет ичиндеги жол-жоболорун аткаруу жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүнү депазитарийлер тарабынан алынган күндөн тартып Макулдашуу күчүнө кирет”. Бул өз кезегинде макулдашууга кол коюу жана анын күчүнө кирүү процесси бир жылдан ашык убакытка созулат дегенди билдирет.
Ошондуктан, Кыргызстандын жарандыры, өзгөчө пенсия жашынын алдындагылар, жада калса абдан өнүккөн мекенчилдик сезим менен дагы, жөнөкөй күн көрүү сезими менен жашайт жана баары Орусияга ушул өлкөнүн жарандыгын алуу максаты менен аракет кылып келишет, алар социалдык колдоонун минималдык деңгээлине кепилдик беришет.
Орусиянын илимдер академиясынын Е.М.Примаков атындагы Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер улуттук изилдөө институтунун Постсоветтик изилдөөлөр борборунун сектор башчысы Елена Кузьмина (Орусия) төмөнкү айрым түшүнүксүз учурларга көңүл бурган:
- Пенсиялык камсыздоо маселелеринде азыр башаламандык байкалууда. Орусиянын жарандыгын алган Кыргызстандын көпчүлүк жашоочулары Орусияда эмгектенип жүргөн алардын тааныштары сыяктуу эле пенсия алабыз деп ойлоп жатышат. Ооба, алар иштеп тапкан акчаларын өздөрүнүн ата-энелерине, туугандарына мурункудай эле жөнөтө алышат. Бирок, бул адамдар мигрант эмес. Алар Орусия Федерациясынын жарандары, аларга Орусия Федерациясынын мыйзамдары жайылтылат.
Андыктан, эмгекчи болу ардактуу, бирок жаран болуу – андан да ардактуу.
Булак: https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=10218300563289121&id=1342516555