Серепчи: БРИКС өлкөлөрү дүйнөлүк сооданы кайра түзүүнү ниеттенишүүдө

30 декабря 2018

Декабрдын башында Аргентинада G20нын саммити өттү. Анын астында БРИКСтин катышуучуларынын мамлекет башчыларынын жолугушуусу болду. Анын жыйынтыктары боюнча биримдиктин өлкөлөрү Бүткүл дүйнөлүк соода уюмун (БСУ) кайра түзүү боюнча жалпы позицияларын билдиришти. БСУну кайра түзүү зарылдыгы жөнүндө “Чоң жыйырмалыктын” лидерлеринин экинчи жумушчу отурумунда Орусиянын президенти Владимир Путин билдирди. Европалык кесиптештери аны бул маселеде колдоп кетишти. Өткөн саммиттин жыйынтыктары боюнча кененирээк, дүйнөдө Түштүк Американын жагымдуулугун күчөтүү жөнүндө жана Кытай менен кошо региондогу башка өлкөлөрдүн активдешкени жөнүндө Парагфай экономикалык форумунун негиздөөчүсү, Латын Америкасы боюнча америкалык серепчи Питер Тэйз айтып берди.

- Тэйз мырза, жакында эле Аргентинада G20нын саммити өттү. Анын жыйынтыктары кандай болду? АКШ менен Кытай соода согушу боюнча макулдашууга жетишти деп айтууга болобу?

- Адилеттүү жана туруктуу өнүгүү – 30-ноябрдан 1-декабрга чейин Буэнос-Айресте өткөн “Чоң жыйырмалыктын” саммитинин жыйынтыктоочу деклорациясынын негизги элементи. Бул G20нын Түштүк Америкада өткөн биринчи жана батыш жарым шарында өткөн бешинчи саммити болду.

Вашингтон менен Пекиндин ортосунда күтүлбөгөн соода жана тарифтик макулдашуу түзүлдү. Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Аргентинанын президенти Маурисио Макри узаккка созулган жемиштүү жолугушуу өткөрдү, айыл чарбасы жана инвестициялар чөйрөсүндө 30дан ашык келишим түзүлгөндүгү жөнүндө жарыяланды. Саммитен кийин кытай лидери Панама жана Португалияга барды.

Кытай – Аргентинынан негизги соода өнөктөштөрүнүн бири, бул өлкөнүн айыл чарба продукциялары үчүн негизги экспорттук рыноктордун бири, ал өлкөнүн экономикасынын локомотиви болуп саналат. Түштүк Америкада Кытай менен дипломатиялык мамилеси жок жалгыз өлкө – Парагвай болсо, Асунсьон үчүн Кытай негизги соода өнөктөшү болуп саналат.

Буэнос-Айресте төрага Си Цзиньпинге Аргентинанын жогорку мамлекеттик сыйлыгы – Бошотуучу Сан-Мартинанын ордени тапшырылды.

Кытайдын экономикалык өнүгүүсү Түйштүк Америкады анын болушун чагылдырат жана Аргентина жана башка өлкөлөр үчүн пайда алып келет.

Орусиянын президент Владимир Путин БРИКСтин лидерлеринин жолугушуусуна катышты жана Германиянын канцлери Ангела Меркель менен бирге түштөндү.

Дүйнөнүн ушул бөлүгүндө Түркиянын да кызыкчылыгы артып жатканын көрүүгө болот. Президент Реджеп Тайип Эрдоган G20нын саммитинен кийин Буэнос-Айресте бир нече жолугушуу өткөргөн, 2-декабрда Парагвайга рсмий иш сапары менен жөнөп кетип, ал жакта перзидент Марио Абдо Бенитес жана өкмөт мүчөлөрү менен жолугушту. 3-декабрда Эрдоган Каракаска барып, Венесуэланын президенти Николас Мадуро менен кызматташуу маселесин таркуулоо үчүн жолугушкан. Бул Асунсьонго жана Каракаска болгон кыска сапарлары – перзидент Эрдогандын түштүк американын эки өлкөсүнө болгон биринчи сапары. Жакында эле Түркия венесуэланын немонетардук алтынын ири импеортору болгон.

- G20нын саммити башталганга чейин БРИКСтин мамлекет башчылары көп кырдуу идеясын кармана тургандыгы жөнүндө билдирүү жасап, өздөрүнүн жеке жолугушуусун өткөргөн. Алар Дүйнөлүк соода уюмун реформалоо боюнча жалпы позициясын иштеп чыгышты. Сиз бул маселеде өлкөлөрдүн кызматташтыгынын келечегине кандай баа бересиз?

- БРИКС контекстинде Орусия менен Индиянын стратегиялык кызматташтыгы тынчтыкты сактоо, геосаясий туруктуулк жана адилеттүү соода практикасы үчүн абдан маанилүү. Президент Путин Дүйнөлүк соода уюму жана анын таныйжасыздыгы боюнча өзүнүн күмөн санарын бидирип, туура жана чынчыл оюн айтты.

БРИКС өлкөлөрү тез арада чечим кабыл алып, БСУнун чегин жана саясатын толугу менен кайра түзүүнү билдиришти.

Буга америкалык жетекчилик да кызыктар, ага БСУнун эски туура эмес практикасыынн пайда болгон көйгөйлөрдү чечүү керек. Көп кырдуу кырдуу дүйнөнү коргоо көп тараптуу дипломатияны жана эл арлык уюмдарды каржылык силкинүүлөрдүн алдынча алсыз эмес жана саясий каатчылыкта чыдамкай кылышы мүмкүн.

- G20 саммитинен кийин Венесуэланын президенти орусиялык кесиптеши менен жолугушуу үчүн Орусияга келди. Эки өлкөнүн лидерлери эмне жөнүндө сүйлөштү.

- Президент Николас Мадуро Москвага келип, эки тараптуу кызматташтыкты жана Орусия менен Внесуэланын ортосундагы экономикалык өнөктөштүктү талкуулоо үчүн жолугушту. Акыркы жылдар үчүн илимий-технологиялык кызматташтык кеңейди. Орусиянын өкмөтү Чыгыш Европанынн чегинен тышкары Венесуэлада патрондорду өндүрүү боюнча ири завод курууну пландаган эле. 2016-жылы “Роснефть” Petro Mongas ишканасына 500 млн доллар инвестициялап, газ скавижаналарын бургулоо жана нефти өнүмдөрүн жеткирүү үчүн венесуэланын PDVSA мамлекеттик компаниясына өнөктөш болорун билдирген.

- 30-ноябрдан 3-декабрга чейин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Латын Америкасынын бир нече өлкөлөрүнө барган. Кытайдын ушул мамлекеттер менен болгон мамилеси кандай?

- Кытай “Бир алкак – бир жол” долбоорунун алкагында Латын Америкасынын жана Кариб бассейнин 14 мамлекети менен кызматташтык жөнүндө макулдашуу түзгөн. Басым кылуу деңгээли жана Кытайдын жагымдуулугу 2017-жылдан бери региондо туруктуу өскөн. Панама, Доминика жана Эль-Сальвадор континенталдык Кытай менен дипломатиялык мамилени орнотту.

Кытай менен Латын Америкасынын соода-экономикалык сектордогу кызматташтыгы акыркы жылдары терс ички жана сырткы толкундоолордун басымын башынан кечирип, калыбына келип, турушташты.

2017-жылы Кытай менне регоиндун соода айлантуусунун көлөмү 260 млрд долларды түзүп, 2018-жылдын биринчи жети айында 172,83 млрд долларга жеткен, муну менен 21,5%га өскөн. Латын Америкасына инвестициялаган кытай ишканаларынын саны 2000ден ашып, 1,8 миллондон ашык жумушчу орундары түзүлгөн. Кытай жана Латын Америкасы өз ара пайдалуу кызмтташтыктын жыйынтыктарына кубанып, аны андан аркы тереңдетүүгө ниеттенишүүдө.

Аргентина менен тыгыз кызматташтыкка кошумча Кытай Колумбия менен дагы жакын мамилени орнотту. Кытайдан өлкөгө болгон импортунун негизги беренелери – бул бензин-рафинат, авто унаа, учактар, өнөр жай жабдуулары жана компьютер менен кеңсе товарлары өңдүү кеңири пайдалануудагы өнөр жай товарлары. 2015-жылы Кытай Колумбияга экинчи ири экспортер болгон (АКШдан кийинки), өлкөгө жалпы импорттун көлөмүнүн 19%ы менен камсыз кылып турган.

Колумбия негизинен бензин, көмүр, кофе, алтын, изумруд, никель, гүдөрдү, бана жана тигүү жасалгаларын экспорттойт. Кытай – өлкөнүн үчүн ири экспорттук өнөктөшү. Ал өлкөдөн чыккан товарлардын 6,1%ын сатып алат. Колумбия АКШга 10,4 млрд долларга, Кытайга 2,3 млрд долларга товар экспорттогон. Ошол эле жылы ал АКШдан 15,4 млрд долларга, Кытайдан 9,75 млрд долларга товар импорттогон.

- Америкалык The Wall Street Journal басылмасы Орусиянын Кубада, Никарагуада, Венесуэладагы кызматташтыгы күч алганы тууралуу жазып чыкты. “Москванын жөрмлөгөн интервенциясы АКШнын кызыкчылыктарына зыян келтирүүгө багытталган”, - деп жазат басылма. Сиз бул жөнүндө кандай ойлойсуз.

- Регионалдык иштерге Москванын динамикалык тартылуусу өз ара пайдага, экономикалык кызматташтыкка, маданий алмашууга жана соодага негизделген. Бул сооданын зыян алып келүүчү терс натыйжалары жок.

Орусиянын Латын Америкасы менен кызматташуусу АКШнын сырткы саясаты жана региондогу Вашингтондун үчүн кызыкчылыгы үчүн коркунуч болуп саналбайт экени анык.

- Сиздин көз карашыңызда ЕАЭБ менен МЕРКУСОРдун мамиелси 2019-жылы кандай өнүгөт?

- МЕРКОСУР менен ЕАЭСдин ортосунда азырынча бир дагы жолугушуу өткөрүлө элек. Кызматташуу жөнүнүдө сүйлөшүүлөр туңгуюкка такалып, конкретүү жыйынтык алып келе элек. Ошол эле учурда МЕРКОСУРдун Корея Республикасы жана Сингапур менен болгон сүйлөшүүлөрү да токтоп турат, тараптар ортосунда макулдашуу түзүү 5-6 жылды алышы мүмкүн.

- АКШ өзүнүн “арткы короосундагы” Кытай менен Орусиянын басымынын өсүшүнө каршы туруу боюнча аракеттердин алкаганда Латын Америкасындагы альянсын бекемдөөгө аракет кылып келет. АКШнын аскер аба күчтөрүнүн штабынын башчысы Дэвид Гольдфейн Колумбия жана башка өлкөлөр, эгер алар американын аскердик техникасын сатып алууну токтотуп, башка өндүрүүчүлөргө кайрылса, АКШ тарабынан болуучу блокадага туш болрун билдирди. Ушул сценарий реалдуубу?

- Ооба, АКШнын аскер аба күчтөрүнүн башчысы айткан коркунучтар чын эле реалдуу, Колумбия, Перу жана башка латын америкасынын өлкөлөрүнүн экономикалык туруктуулугуна таасир этиши мүмкүн. Эгер өлкөлөр үчүнчү өлкөлөр, мисалы Кытай менен биргелешкен аскердик жана ачлгындоо операцияларын жүргүзө турган болсо, Түштүк Американын мамлекеттерине каршы саясий жана экономикалык чаралар кабыл алынышы толук мүмкүн.

Булак: http://eurasia.expert/strany-briks-khotyat-pereformatirovat-mirovuyu-torgovlyu-ekspert/?fbclid=IwAR0HP4Ceqt4R_-zDeFA8kP51XEr06tU_brVkwuW1MgpzwBRy0BxTVQCkGqA