Соттолуучунун доо арызы 19-январда каралат.
Miss Universe Beauty 2018 эл аралык конкурсунда Missis World номинациясын жеңип алган Сания Шакированын өлүмүнө күнөөлүү делген киши кассациялык арыз бергенин анын жактоочусу Рустам Абдурауфов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Ал быйыл сентябрда 10 жылга эркинен ажыратылган. Сот ошондой эле аны Шакированын апасына 2 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирген.
"Ал моралдык чыгым үчүн чегирилген каражат менен макул эмес. Сот иши 19-январда болот", — деди адвокат.
Буга чейин маркум Сания Шакированын апасы Насипа Мамбеталиева Ысык-Көл райондук сотунун өкүмү менен макул экенин айтып, аны даттанбай турганын билдирген.
Эске салсак, 3-июндун түнүндө Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында айдоочу рулду башкара албай калып автоунаа мүрзөнү барып сүзгөн. Натыйжада жүргүнчүсү Сания Шакирова каза болгон.
Айдоочунун кырсык болгон учурда мас экени аныкталган.
Ал эми Ички иштер министрлиги унаанын айдоочусу ИИМдин Атайылаштырылган коргоо кызматынын башкы башкармалыгынын Октябрь району боюнча мурдагы жетекчиси Азрет Кондубаевдин уулу экенин да тастыктаган.
Дагы: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Табылды Кадырбеков