Кыргызстан парламентинин алгачкы синхрондук котормочусу, дасыккан, бай тажрыйбага ээ адиси Жумагүл Карагулова октябрда дүйнө менен кош айтышкан. Ал эми Жогорку Кеңеш жакында өзүнүн 80 жылдык мааракесин белгиледи. Мындан улам Sputnik Кыргызстан парламенттин алгачкы котормочусун эскерип, ал тууралуу жети факты даярдады.
Синхрондук котормодо котормочу баяндамачынын сүйлөгөн сөзүн угуп, дароо токтоосуз, 2-3 гана секундага кечигүү менен ээрчий которот. Бир тилден экинчи тилге которуу угуу, ойлонуу, сүйлөө жүрүмү менен бир убакта жүргүзүлөт.
Жогорку Кеңештин көзгө басар котормочусу болгон. Чанда кезигүүчү жана өтө татаал кесиптин адиси катары Жумагүл Карагулова 1995-жылы Жогорку Кеңештин I чакырылышынан тарта VI чакырылышына чейин иштеген. Ал мамлекеттик тилди өркүндөтүүгө, мамлекеттик тилде синхрондук котормону өзүнчө адистик катары калыптандырууга жана өнүктүрүүгө, мыйзам долбоорлоруна лингвистикалык экспертиза жүргүзүүгө салымын кошкон. Мындан сырткары, синхрондук котормо боюнча адистерди даярдаган. Ал 15 жылдан ашык кыргыз парламентинин жалгыз синхрондук котормочусу болуп эмгектенип келген.
Мугалимдик иши. Карагулова 1958-жылы Кемин районунун Боролдой айылында туулган. 1980-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин орус филология факультетин, ал эми 1991-жылы кыргыз филология факультетин бүтүргөн. Окуусун бүтүрүп, ал бир нече жыл айылдын жана ордо калаанын мектептеринде орус тили жана адабияты боюнча мугалими, андан кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин философия кафедрасында окутуучу болуп эмгектенген. Андан кийин Улуттук илимдер академиясынын Адабият жана искусство институтунун дүйнөлүк адабият бөлүмүндө илимий кызматкер катары көркөм котормо маселелерин изилдеп келген.
Столду кошо муштап жиберген мүнөттөр. Карагулова бир ирет ал маек берип жатып, синхрончунун негизги максаты сүйлөп жаткан сөздүн маанисин, эмоциясын бериш керек деп айтканы бар. Кеп анын ЖКдагы иши туурасында эле.
"Депутаттын эң эле биринчи максаты элди ишендириш керек да. Эмоциясыз сөз толук берки тарапка жетпей калат. Андыктан, образга киргенге туура келет. Ал столду бир койсо, кошо бир койгон болосуң, ордунан тура калса, кошо тура каласың, сөгүнсө кошо сөгүнгөн учурлар болгон…" — деген эле.
Ыйлаган учурлар. Ишинин оош-кыйышы туурасында айтып берип, көз жаш токтобой чуурган учурларын эстеген.
"Өзгөчө Аксы окуясы эсимде… депутаттар барып келгенден кийин Асел Мамбеталиева, Алевтина Проненколор ыйлашкан. Андайда кошо ыйлайсың", — деген Карагулова.
Дагы: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Жоомарт Ураимов