Дүкөнгө же жумушка чыгып эле кайра үйгө кайтпай калуу кандай коркунучтуу. "Кырсык каш-кабактын ортосунда" дейт, бир ирмемде эле ата-энеден, бала-чакадан, жакын кишиден айрылып калышың мүмкүн экенин жыл ичинде болгон жол кырсыктары дагы бир ирет көрсөттү.
Sputnik Кыргызстан 2018-жылдагы жүрөк үшүн алган жолдогу окуяларды тизмектейт.
Мүрт кеткен айылдаштар
Январдын 13үндө Бишкек — Ош унаа жолунун 253-чакырымында саат 14:00дөр чамасында күйүүчү май ташыган фура менен Opel Zafira кагышкан. Кырсыктын кесепетинен төрт адам каза таап, үч киши жаракат алган. Кырсыктан көз жумгандардын тек-жайы такталгандан кийин алардын бир айылдан экени маалым болгон.
Дөңгөлөк алдында калган Аксыдагы мугалимдер
Жалал-Абаддын Аксы районунда 10-февраль күнү жергиликтүү мектептердин биринде иштеген төрт мугалим жыйындан чыгып үйлөрүнө бараткан жеринен унаа коюп кеткен. Окуя февралдын башында болгон. Бөөдө кырсыктан эки мугалим каза болуп, экөө ооруканага жаткырылган. Мугалимдерди Аксы РИИБинде иштеген милиция кызматкери коюп кеткен. Маалыматка караганда, кырсыктын курмандыгы болгон эки мугалим тең 30 жашта болчу. Окутуучулардын артында экиден балдары калды.
Апасынан айрылып бир буту жок калган бөбөк
Play Video
Февралдын тогузунда Бишкекте үрөй учурган жол кырсыгы катталган. Анда Элебесов көчөсүндө баласын көтөрүп, жолдун аркы өйүзүнө өтүүгө камынып турган келиндибус коюп кеткен. Аял кырсык болгон жерден мүрт кетип, наристе ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер ага дароо операция жасап, бир бутун кесип салууга аргасыз болушкан. Апасы менен бир бутунан айрылган бөбөк 2 жашта гана болчу. Ал эми унаанын айдоочусу камакка алынып, ага карата 281-берененин экинчи бөлүгү ("Жабырлануучунун өлүмүнө алып келген жол эрежесин бузуу") боюнча айып тагылган.
Тойго баратып жолдо жок болгон үй-бүлө
3-март күнү Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 56-чакырымында Honda Stepwgn менен Toyota Altezza үлгүсүндөгү унаалар кагышып төрт адам көз жумган.Кийинчерээк жол кырсыгында каза болгондор бир үй-бүлө мүчөлөрү экени маалым болгон. Ал күнү небере кызы турмушка чыгып 60 жаштагы чоң ата, чоң апасы, келини жана 3 жаштагы небереси болуп Бишкектен Каракол шаарына үйлөнүү тойго бара жатышкан. Каза болгон үй-бүлө Нарын облусунун Ат-Башы районунун Жаңы-Күч айылынын тургундары эле. Көз жумган келин ырчы Замир Арыкбаевдин бир тууган карындашы болуп чыккан.
Жалгыз уулунан айрылган ата-эне
Ош шаарында 27 жаштагы үй ээси Mersedes-Benz үлгүсүндѳгү унаасын нейтралдуу абалда үйүнүн алдына токтотуп кирип кеткен учурда унаа артка карай жылып эки жаштагы баласын тебелеп, наристе ооруканада каза болгон. Көрсөтмө берип жатып атасы таксист болуп иштей турганын, шашып келип, кайра эле кетүүнү пландаштырганын, унаасынын кол тормозун тартып коюуну унуткандыгын айткан. Бала үйдүн жалгыз уулу болчу.
Дагы: sputnik.kg, фото-пресс-служба УОБДД Чуйской области