Борбор Азия өлкөлөрүнө бирге болууга эмне тоскоол болуп жатат?

27 декабря 2018

Мурунку материалдарда биз бирдиктүү экономикалык мейкиндикти жана Борбор Азиянын биримдигин түзүү үчүн негиз болуп кызмат кыла ала турган бир нече чөйрөнү карап чыкканбыз. Аларга Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын транспорттук жана энергетикалык тармактары кирет.

Козголгон темаларда бир нече системалык өзгөчөлүктөр бар, алар экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга тоскоол болушу мүмкүн. Алардын ичинде региондун өлкөлөрүнүн экономикасынын өнүгүүчүсүнүн түрдүү деңгээли, сырьёлук экспорттон алдыда болуусу жана регоиндун кем дегенде үч мамлекетинде (Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан) өнүгүү темпинин төмөндүгү бар.

Экономикалык өнүгүүдөгү ажырымждын деңгээли азыр эле артта калган өлкөлөрдүн өнүгүү потенциалын чектеп, алардын регионалдык долбоорлорго толук кандуу катышусун кыйындатат.

Мисалы, лидердин тобу – Казакстан жана Өзбекстан сырткы экономикалык жана саясий процесстерден улам пайда болгон айрым кыйынчылыктарга карабастан, региондогу лидерликке өзүн көрсөтүү менен экономикада маанилүү ийгиликке жетишүү үчүн жаман эмес мүмкүнчүлүгү бар.

Кыргызстан менен Тажикстан региондогу кандайдыр бир лидерликке өзүн коё албайт. Бул өлкөлөр өнүгүү маселесин гана эмес, алардын экономикалык моделдеринин жетишсиздигинен улам пайда болгон проблемаларды чечүүгө аракет кылып келет

Сырткы басымга болгон жогорку көз крандылык бул өлкөлөрдү кыйла туруксуз кылып, боло турган тобокелдиктерди жогорулатат.

Коркунуч жарата турган негизги факторлор болуп төмөнкүлөр саналат: мамлекеттик карыз менен болгон кырдаал (өсүүнү улантышы, карзыды төлөө мөөнөтү жакындаганы), эмгек мигранттарынан түшкөн бюджеттин көз карандылыгы, экономиканын маанилүү тармактарындагы өнөр жай долбоорлорун ишке ашыруу мүмкүн болбогондугу, сырткы инвестициянын көлөмүнүн акырындап азайышы ж.б.

Экономикага түз тиешеси бар, бирок мамлекеттик жана мамлекеттик эмес институттарды түзүү үчүн негиз болгон, кийинчерээк беш республиканын бириктере ала турган маселелер болуп төмөнкүлөр саналат: коопсуздукту камсыз кылуу маселеси, ички регионалдык атаандаштыктын деңгээли, сырткы оюнчуларга болгон көз карандылыктын тереңдеши (Орусия, Кытай ж.б.) экономика жана жалпы эле коомдук-саясий кырдаал мене байланышкан ички тобокелдиктердин деңгээлин жогорула турган башкаруу ситемасынын натыйжасыздыгы.

Бардык жогоруда айтылган себептерди шартуу түрдө ички – башкача айтканда өлкөнүн ичинде болуп жаткандарга жана биринчи кезекте мамлекеттин ичиндеги процесстерге таасир эткендерге, ошондой эле сырткы – бул жалпы регионалдык тенденциялар менен шартталган процесстер, алар Борбор Азиянын мамлекеттеринн ичинде иштеп жаткан механизмдер менен контролдонбойт жана болугу менен жөнгө салынбайт.

Аталган иштен алкагында Борбор Азия өлкөлөрүн бирдиктүү биримдикке интгерациялашууга тоскоол болгон бир катар факторлорлу карап чыгабыз.

Коопсуздук. Борбор Азия – региондун шартуу аталышы, ага беш мамлекет: Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан кирет. Айрым түшүнүктөрдө регион кеңири мааниге ээ болуп, өзүнө Ооганстан, пакистан жана Индияны кошот. Бул түшүнүктү баарынан мурун америкалык изилдөөчөлөр колдонушат, дал ошолор жогоруда аталган сегиз өлкөнү Чоң Борбор Азия деп аташат.

Дал ушундай маанини колдонуу коопсуздук кырдаалын түшүндүрүү үчүн колдонулат.

Тынчсыздануу үчүн негизги сырткы коркунуч болуп Ооганстан кала берет. Ар түрдүү мамлекеттердин көп жылдык жана кымбатка турган кырдаалды турукташтырууга болгон аракетинен жаңжал аягына чыгайын деген жок. Ооганстандагы кырдаал чек аралаш мамлекеттердин экономикасына терс таасир гана тийгизбей, ООганстан менен аймагы жакын өлкөлөргө туруксуздуктун жайылуусуна алып келүүдө.

Аталган тезис талаш болуп саналат – бир ктар изилдөөчүлөр Ооганстандын аймагынан келип жаткан коркунуч саясий пайдага жетишүү үчүн абдан ашыра айтылууда. Аны колдонуу менен чек аралаш өлкөлөр геосаясий оюнчулардан техникалык жана каржылык колдоо алууда. Ошондой эле, коркунуч темасын колдонуу менен, сырттан саясий колдоо да алууга болот. Ушул логикадан улам региондун өлкөлөрү үчүн негизги коркунуч болуп коорупция, мамлекеттик аппараттын натыйжасыздыгы, радикалдуу ислам, этникалар арасындагы каршы пикирлер, ошондойдой эле жетишсиз ресурстар – суу жана жерден улам пайда болгон потенциалдуу конфликттер саналат.

Ооанстандагы согуш уланып жатканы факт, калктын колунда чоң сандагы курал бар, күчтөрдүн бири да аймакты ишенимдүү контролдой албайт, айрым провинциаяларда ИГИЛдин согушкерлери кулачын жайып жатат.

Тажикстан жана Түркмөнстан өзүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жтиштүү күч ресурстарына ээ эмес. Аталган мамлекеттердин чек арасы аркылуу куралдуу тпотор бир нече жолу өтүшкөн, азырынча баңги зат трафишгинин маселесин чечүү үчүн гана.

Дүйшөмбү менен Ашхабад маал-маалы менен күчтүү коңшулары – Орусия менен Кытайдан жардам алып турат. Акыркысы региондогу туруктуулуктун сакталышына кызыктар.

Регоиндун өлкөлөрүбир ктар аскердик ЖККУ, ШКУ жана Терроризмге каршы коалиция сыяктуу блоктордун курамында. Ошол эле учурда аталган уюмдардын натыйжалуугу каатчылык боло турган болсо анык эмес – азыркы учурга чейин аталган уюмдар аскердик кагылышкарга катышкан эмес.

Коопсуздукту камсыз кылуунун негизги форматы болуп аскердик, техникалык, каржылык жана маалыматтык жардамды берүүчүлөр менен алуучулардын ортосундагы макулдашуу болуп саналат.

Мындай аракеттин болушу региондун өлкөлөрүнө тобокелдиктердин бир тобун азайтууга, ал эми донорлорго бир гана аскердик тематиканын алкагындагы геосаясий максаттарга жетүүгө мүмкүндүк берет.

Регоиндун өлкөлөрүнүн ролу аталган системада дээрлик өзгөрбөйт – бүткүл регион кандай жол менен болсо да сырттан жардам алат, бирок аны үчүн бир өлкөгө көрсөтпөйт. Кыргызстан менен Тажикстандын көп жылдан берки алмашкыс сурануучунун ролу – алардын Орусия менен Кытайдан көз карандылыгын белгилейт. Ал эми акыркы учурда өсүп жаткан экономикалык каатчылыктан улам аларга Тажикстан да кошулду.

Азыр ушул көз карандылыкты орусиянын эки аскердик базасы аркылуу көрүүгө болот. Бири Тажикстандын аймагындагы – Дүйшөмбүдөгү 201-аскердик база, экинчиси – Кыргызстандагы Бишкектен алыс эмес “Кант” аскердик базасы.

Кытайдын аскердик базалары азырынча жупунулугу жана Ооганстандагы жана Пакистандагы аскердик базаларды ачуу планы менен гана чектелүүдө. Расмий Пекин азырынча бул маалыматты четке кагууда. Биринчи кытайдын аскердик объектиси өлкөнүн чегинен тышкары 2017-жылы августта Африкада пайда болгон.

Региондогу кырдаал сырткы коркунучтун ички кырдаалга тийгизген таасир менен тереңдеп жатат. Ал социалдык-экономикалык, диний, гуманитардык, экологиялык жана саясий чөйрөлөрдөгү өсүп жаткан тобокелдиктерди пайда кылууда.

Гер чыныгы коркунуч өз чегине жакындап, колдонуудагы куралдар натыйжасыз болуп калды деп эсептесек, кырдаалды чечүү үчүн расмий бийлик сырттан жардам сурай алат. Бул сыяктуу сценарий жана аракеттенүү ыкмалары Кыргызстан менен Тажикстан мүчө болгон мамлекеттер аралык макулдашууларда жазылган. Балким, эгер Кытай регоиндо өзүнүн аскердик жактан болуусун бекемдегиси келсе, терроризмге каршы туруу багыты боюнча макулдашууларда кошумча пайда болушу мүмкүн.

Анткен менен, Пекин Чоң Борбор Азиянын кызыкчылыктарын коргоонун башка форматын тандап алышы мүмкүн. Алардын бири жеке кайтаруу жана аскердик компаниялары болушу мүмкүн (мындай кызматтар Кыргызстанда сунуштала баштады).

Мындан тышкары, коопсуздук маселеси таасир этүүчү жана соодалагшуу куралы болуп саналат. Ал регионалдык долбоорлордун келечегине баа берүүдө олуттуу чечилбеген маселе бойдон калууда. Мисалы, CASA–1000.

CASA–1000 (Central Asia-South Asia power project) – Борбордук Азия-Түштүк Азия энергетикалык долбоору. Азыркы учурда 1,16 млрд долларга бааланган долбоор болуп саналат. Ал Кыргызстандын, Тажикстандын гидроэлектроэнергиясынын ашыгын Пакистан менен Ооганстанга экспорттоого мүмкүндүк берет.

Өзүнө глобалдуу долбоордун айрым курамынын аныкталбаган каржылоо булактырын, тариф маселелерин, ошондой эле геосаясийатаандаштыкты кошкон экономикалык максатка ылайыктуулук маселесинен тышкары, коопсуздук камсыз кылуу аспектиси түшүнүксүз бойдон калууда. Азырынач Ооганстандын аймагы согуш талаасы бойдолн калууда – эч ким курулуп жаткан же колдонуудагы объектилердин сакталып калуусуна кепилдик бербейт.

Региондун ичиндеги атаандаштык. Чоң Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы мамиле өз алдынча татаал түйдөктү, кызыкчылыктардын көп деңгээлин жана карама-каршы пикирлерди элестетет. Алар өз ара дооматтарда, түзүлгөн келишимдерде, бейформал макулдашууларда жана оюндун жаңы шарттарын куруу аракетинде байкалат.

Казакстан жана Өзбекстан – мурунку советтик Борбордук Азиянын салыштырмалуу экономикалык жактан өнүккөн –лк-л-рү. Тажикстан менен Кыргызстан – кичинекей, экономикалык жактан к-з каранды жана ички куралдуу кагылыштарды башынан кечирген өлкөлөр.

Бир нече маанилүү учурларды бөлүп кароого болот, алардын тегерегинде тигил же бул формада таандаштык байкалат: ресурстар, сатып өткөрүү рыноктору, инвестициялар, транспорттук агымдар, регионалдык басым жана башкалар үчүн күрөш. Сырткы оюнчунун катышуусу жок, өз алдынча региондун ичинде жаңы “оюндун эрежелерин” реалдуу берүү мүмкүнчүлүгүнүн бар же жок экендиги кыйла маанилүү маселе болуп баратат.

Өзбекстан 2016-жылы бийлик алмашкандан бери экономикалык моделдин ачыктыгын жана либералдуулугун декларациялап жатат. Динамикалуу экспортко багытталган тармакка басым жасоо менен өнүгүп жаткан экономика, ошондой эле энергетика менен логистикада боло турган демилгелүү долбоорлор кыска мөөнөттү мезгилде Ташкент регионалдык артыкчылыкка өзүн көрсөтө алары жана экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча Казакстандан өтөрү жөнүндө болжолдоого мүмкүнчүлүк берет.

Сырткы инвестициялык агым жөнүндө айта турган болсок, бул жерде Кытай ишенимдүү орун алган. Ал “Бир алкак – бир жол” өзүнүн демилгесинин алкагындагы кымбат турган жана узак мөөнөттүү долбоорлорго демөөрчү гана болбой, өнөктөштөрдү сырткы агымга болгон көз карандалыгын бекемдеген каржылык механизмдерди куруп жатат.

Акыркы экономикалык каатчылыктын фонунда Пекиндин демилгелүүлүгү абдан пайдалуу болуп көрүнүп жатат, азыр кытай инвестицияларына кезекте региондун бардык өлкөлөрү турат.

Ошол эле учурда, тез жана жеңил акчанын биринчи толкунан кийин региондун мамлекеттеринде экономиканын стратегиялык маанилүү тармактарныдагы кытай акчаларынын үлүшүн контролдоо зарылдыгы келип чыкты. Тажикстан жана кыргызстан үчүн бул эч нерсени өзгөртпөйт – насыялык каражаттарды колдонууда төмөнкү старттык позициялар жана коррупциялык схемалар бул мамлекеттерге өлкөнү өнүктүрүү үчүн алынган каражаттарды натыйжалуу колдонууга мүмкүнчүлүк берген жок.  

Ички долбоорлорду өнүктүрүүгө зарыл болгон каражаттардын бир бөлүгүнө ээ болуп туруп, эегемендик жылдарында өнөр жай потенциалынын бир бөлүгүн сактап калып Казакстан менен Өзбекстан кытай өнөктөштөрүнөн кыйла тең укуктуу шарттарга жетишти. Мисалы, ташкент өлкөнүн темир жол байланышы боюнча долбоорун ишке ашыра алды. Ал эми Казакстан республиканын айрым областтарын электрлештиирүүнү улантууда.  

Салттуу атаандаштыктын жогоруда саналып өткөн тармактарынан тышкары экономиканын башка тармактары да бар, аларда атаандаштык кадимки процесс болуп саналат – бул аткезчилик агымдары, баңги зат трафиги жана башкалар.

Сырткы оюнчуларга көз карандылык. Аталган контекстте “көз карандылык” түшүнүгү тигил же бул деңгээлде альтернативдүү мүнөзгөө ээ болгон мамилелерди мүнөздөө үчүн колдонулат. Көп тармактуу макулдашуунун деңгээлиндеги бир же бир нече чектеш тармактардагы мамиелелерди жөнгө салган өнөктөштүк көз карандылык деп түшүндүрүлбөшү керек.   

Олуттуу кооптонууну пайда кылган жана региондун ичиндеги мамлекеттин келечегине олуттуу чектөө салган биринчи фактор – кытай алдындагы карыздын деңгээли жана сүйлөшүлгөн убакыттын ичинде аны төлөөнүн күмөндүү келечеги.

Кыргызстан менен Тажикстан үчүн түзүлгөн кырдаал маанилүү жана пайда алып келүүчү ишканалардын Кытайдын контролуна өтүүсү, азыркы окуялардын динамикасы сакталып турган учурда, ички саясий чечимдерди кабыл алууну чектеген белгисиз чаралардын тобу сырткы оюнчулар үчүн инвестициялык жагымдуулугн төмөндөтүү менен коркунучтуу. Мисалы, аймактын бир бөлүгүн Кытайга узак мөнөттү колдонууга өткөрүп берүү же изилдөө жана аскердик жайларды жайгаштыруу.   

Экинчи фактор – экономиканын эмгек мигранттарынын которууларынын көз карандылыгы. Статистика боюнча, Кыргызстан менен Тажикстан эмгек мигранттарынан келген которуулардын көлөмү боюнча биринчи орунда турат. Алар үчүн салтуу эмгек рыногу болуп Орусия жана Казакстан кала берет. Географиялык жеткиликтүүлүгүнөн, арзын жумушчу күчүнүн талабынан, тилдик жана маанилүү юридикалык тоскоолдуктардын жоктугунан, мекендеги жумушсуздуктун жогорку деэгээлинен жана төрөттүн деңгээли жогору болгонтуктан – Борбордук Азия республикаларынын миллиондогон жарандары өзүнүн өлкөсүнөн сырткары иштөө үчүн чыгып кетишүүдө.

Аналитика көрсөткөндөй, кийинки жылдан Өзбекстандын эмгек мигранттарынын саны өсүшү мүмкүн, анткени Москва менен Ташкент өзбек мигранттарынын жылып жүрүү процессин жеңилдетиши мүмкүн.

Үчүнчү фактор – стратегиялык маанилүү товарлардын альтернативдүү жеткирүүчүлөрүнүн жоктугу. Кыргызстан менен Тажикстан нефти өнүмдөрүнүн жана күйүүчү-майлоочу майдын чоң бөлүгүн, азык-түлүктөрдү, текстиль өнөр жайынын жасалгаларынын бир бөлүгүн, авто унааларды, станокторду, жогорку технологиялуу жабдууларды, байланыш каражаттарын жана башкаларды импорттойт. Негизги жеткирүүчүлөр же коңшу өлкөлөр – Казакстан менен Өзбкестан, же Орусия менен Кытай болуп саналат.

Продукциянын баасы, анын сапаты жана жеткирүүнүн ылдамдыгы боюнча, аныкталган салып алуучулук жөнөмдүүлүктү эске алуу менен альтернативаларды табуу оңой эмес.

Төртүнчү фактор – альтернативдүү сатып өткөрүү рынокторунун жоктугу. Борбордук Азия республикаларынын товарларын жана ресурстарын негизги сатып алуучулар болуп Орусия (евразиялык рынок) жана Кытай кала берет. Транспорттук тармакты машстабдуу модернизациялабай, өндүрүштүк потенциалды өстүрбөй жана эмгектин өндүрүмдүүлүгүн жана өндүрүлгөн продукциянын сапатын жогорулатуучу жаңы технологияларды киргизбей туруп, башка кызыктуу рынокторго – Индияга, Пакистанга, Түркияга жана Европага чыгуу абдан кыйын болот.

Чечим кабыл алууга кандайдыр бир таасирин тийгизген жогоруда саналган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен борбор азяи региону чогулуп калган көйгөйлөрдү жакын арада чечерин жана өздөрүнүн экономикасынын өнүгүү темпине талапкер боло аларын элестетүү кыйын.

Серепчилердин божомолдору дагы үмүт жандыра албайт . Мисалы, Эл аралык валюталык фонд (ЭВФ) Казакстанга карата гана өзүнүн божомолунун өскөнүн карап чыкты.

Бирок, 2019-жылга карата ЭВФ Казакстанда ИДӨнүн өсүүсү 3,1%га төмөндөрүн күтүүдө. 2018-жылы Өзбекстанда ИДӨнүн өсүү темпи 5%га чейин төмөндөйт, бул 2017-жыл менен салыштырганда 0,3%га төмөн.

2018-жылы Түркмөнстанда ИДӨнүн өсүүсү 6,2%ды түзөт, бул 2017-жылдагы көрсөткүчкө караганда 0,3%га төмөн. Кийинки жылы өсүү темпи 5,6%га төмөндөйт. 2018-жылы Тажикстандын өсүү темпи 5%ды түзүп, 2017-жыл менен салыштырганда 7,1%га төмөндөгөн. 2019-жылы өлкөдө ИДӨнүн өсүү темпи 4%га төмөндөйт.

Кыргызстанда ИДӨнүн өсүүсү 2018-жылы 2,8га азайган, 2017-жыл менен салыштырганда 4,5га төмөндөгөн. ЭВФ 2019-жылы 4,5%га чейин калыбына келүүсүн божомолдойт.

Жыйыктыктар: бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин алкагындакыска мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү келечекте Борбордук Азияны бириктирүү мүмкүн эмес. буга бир нече себеп бар:

Биринчиден, чектелген ресурстарды бөлүштүрүү жана колдонуу маселелерине тиешелүү болгон региондун өлкөлөрүнүн ортосундагы чечилбеген карама-каршы пикирлер.

Экинчиден, жергиликтүү элитанын жалпы улуттук жана жалпы регионалдык мааниси бар доолбоорлорду ишке ашыруу эмес, жеке өзүнүн баюусун көздөгөн спецификасы.

Үчүнчүдөн, экономиалык мүмкүнчүлүктөрүнүн, ошондой эле коюлган артыкчылыктардын деңгээли боюнча түрдүү старттык позициялар.

Төртүнчүдөн, түрдүү убактарда экономикалык, саясий, социалдык жана башка пайдалардан улам түрдүү күтрөдүн борборуна тартылуусу.

Бешинчиден, келечекте талашсыз пайда алып келүүчү стратегиялык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга жеке мүмкүнчүлүктөрүнүн жоктугу.

Муну менен, системаны координалдуу өзгөртүүсүз, өлкөнүн ичиндеги жана регионалдык мүнөздөгүбир ктар проблемаларды чечмейинче, өнүгүүнүн так стартегиясынын жана негизги өндүрүштү модернизациялоого багытталган олуттуу сырткы агымдардын – Чоң Борбордук Азия деп аталган өлкөлөрдү бириктирүүчү долбоорлордун жоктугу азыркы учурда оор шке ашырылуучу маселе бойдон калат.