Адатта телефондун жарылып кетиши тууралуу окуяларды чет мамлекеттеги ЖМКлардан көп угуп жүрсөк, мындай окуя жакында эле өз өлкөбүздө кездешти.
Тагыраагы, үстүбүздөгү жылдын 24-ноябрында Тоң райондук аймактык ооруканасына шымынын чөнтөгүндөгү телефону жарылып, төшү, ичи, алаасы күйгөн 14 жаштагы өспүрүм келип түшкөн. Кырсыктын кесепетинен бала 1-2-даражадагы (30 пайыз) күйүк алган. Учурда анын абалы туруктуу экендиги айтылат.
Ал эми Ысык-Көл облустук милициянын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов бул окуя боюнча кылмыш иши козголбой турганын билдирди.
"Телефондун жарылуусу бөөдө кырсык деп эсептелди. Себеби баланын чөнтөгүнө эч ким жарылуучу зат салган жок да. Башкача айтканда, окуяда кылмыштын курамы жок. Ээси телефон чыгарган компанияга доомат кое алат. Бирок ишти аныктоо кыйын. Себеби баланын энеси жарылган телефондун калдыгын таштандыга ыргытып ийген", — деди Усубакунов.
Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги уюлдук телефондордун жарылып кетүүсүнүн себебин жана алдын алуу жолдорун билип
Адис уюлдук телефондун өзү эмес, анын ичиндеги аккумулятордук батарейкасы жарыла турганын айтып берди.
"Уюлдук телефондорго, смартфон жана планшеттерге Li-ion батарейкасы салынат. Ал өзүнө аябагандай кубаттуу энергияны сактайт. Батарейкаларда тийишүү (замыкание — ред.) болсо, жарылууга алып келет", — деди Айтыкулов.
Ал белгилегендей, Li-ion батарейкаларында тийишип кетүүдөн сактаган атайын микросхема (батарейканы көзөмөлдөп туруучу — ред.) орнотулган. Микросхема эки максатты көздөйт:
1. Телефондун батарейкасына энергия толук кандуу топтолгондо зарядды кабыл алуунун өз убагында токтотулушу үчүн каралган;
2. Телефондогу батарейкаларды майда-барат тийишүүдөн коргоп, алдын алат;
Дагы: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Владимир Астапкович