Парламентте Ысык-Көл визасын киргизүү сунушталды

27 декабря 2018 Парламентте Ысык-Көл визасын киргизүү сунушталды

Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу депутаттын сунушун карап көрөрүн билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байпакбаев чет элдик туристтер үчүн Ысык-Көл визасын киргизүүнү сунуштады.

Депутаттар парламенттин жалпы жыйынында "2018-жылдын 17-августунда Астана шаарында кол коюлган 2003-жылдын 25-декабрындагы КР өкмөтү менен Казакстан өкмөтүнүн ортосундагы мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулады.

Байпакбаев өз сөзүндө Египетте Синай визасы деген түшүнүк бар экенин, ошонун анологунда Кыргызстанда Ысык-Көл визасын киргизүүнү Маданият, маалымат жана туризм министрлигине сунуштады.

Депутаттын айтымында, Синай визасын алган турист Шарм-Эль-Шейх сыяктуу жерлерге визасы жок эле келе алат.

Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу депутаттын айтканын карап көрөрүн билдирди.

Аталган мыйзам долбоору экинчи окууга добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, Синай визасы менен Шарм-эль-Шейх жана Табы чакан шаарында эркин жүрүүгө болот. Андан сырткары, Дахаб жана Нурвейба шаарларына, ыйык Екатерина монастрына, Израилдеги Моисей шаарына барууга болот.



Дагы: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Табылды Кадырбеков