Тер төгүп, бир ыйлап, бир күлүп... Быйыл кайсы спортчунун ити чөп жеди?

27 декабря 2018 Тер төгүп, бир ыйлап, бир күлүп... Быйыл кайсы спортчунун ити чөп жеди?

2018-жыл кыргыз спорту үчүн жемиштүү болду деп ооз толтуруп айта берүү туура деп ойлойм. Sputnik Кыргызстан жыл жыйынтыгын чыгарууда.

Кыргызстанда Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен каттоодон өткөн 108 федерация бар. Каттоодон өтпөй өз алдынча мелдештерди өткөргөн спорттук уюмдардын да саны арбын. Ар биринин ийгилигин санап отуруу, албетте, машакаттуу иш. Анүстүнө арасында майда турнирлер болуп жатты. Биз кыргыз спортунда бурулуш жасаган ири мелдештердеги ийгиликтерди тизмектегенге аракет кылдык.

Куру кол кайтарган кышкы Олимпиада

Алгач ири мелдештердеги ийгиликтерге баам салсак. 9-февралдан 25-февралга чейин Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында кышкы Олимпиада оюндары өттү. Кыргызстандан Тариэл Жаркымбаев менен Евгений Тимофеев барган.

Кышкы Олимпиада оюндарында өлкө атынан лыжачы Тариэл Жаркымбаев катышып, алдыңкы орундарга ээ боло алган эмес

Жаркымбаев 13-февраль күнү таймашка чыгып, лыжа тебүү боюнча спринтердик жарышта 80 спортчунун ичинен 78-болуп келди.

Ал эми Тимофеев алгач 18-февралда күч сынашып, 109 лыжачынын ичинен 63-орунду ээледи. 22-февралда өткөн таймашта 68 атаандашын артка калтырып, 40 мыкты спортчунун катарынан орун алды. Ойлонто турчу маселе көп, ириде кышкы спортту өнүктүрүүнү колго алышыбыз керек.

11 жылдан кийин Бишкекте өткөн Азия чемпионаты

Негизи балбандар жыл жаңыргандан тарта маанилүү мелдешке даярданып башташкан. Күрөш боюнча Азия биринчилиги Бишкек шаарында 27-февралдан 4-мартка чейин өтүп, ага дүйнөнүн чар тарабынан келген балбандар грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча күч сынашты. Белгилей кетсек, Азия чемпионаты Бишкекте 2007-жылдан бери өткөрүлө элек болчу. Аталган мелдеште кыргыз балбандары жалпы эсеп менен 11 (2 алтын, 3 күмүш, 6 коло) медаль утуп, командалык эсепте биринчи орунду ээлеген.

Алтын байгени Акжол Махмудов (72 кг) менен Муслим Евлоев (74 кг) тагынып, жылдызы жанды.

Жоламан Шаршенбеков (55 кг), Урмат Аматов (63 кг), Атабек Азисбеков (82 кг) — күмүшкө ээ болушту.

Азат Бейшебеков (87 кг), Мурат Рамонов (130 кг), Каныбек Жолчубеков (60 кг), Үзүр Жусупбеков (97 кг), Улукбек Жолдошбеков (61 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг) коло медаль тагынышты.

Спортчуларды жылдыз кылган Индонезиядагы Азия оюндары

Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында өттү. Кыргызстандын атынан 100дөй адам спорттун 26 түрү боюнча күч сынашты. Натыйжада алар Кыргызстандын байге капчыгына 20 медаль алып келип берди. Анын экөө — алтын, алтоо — күмүш, 12си — коло.

Алтын тагынгандар жиу-житсучу Төрөхан Багынбай уулу менен жеңил атлетчи Дарья Маслова болду.

Күмүш байгеге ээ болгон балбандар Магомед Мусаев, Айсулуу Тыныбекова, Каныбек Жолчубеков, Акжол Махмудов, жиу-житсудан Нурсултан Алымкулов, жеңил атлетикадан Дарья Маслова (5000 метр) ээ болду. 

Коло медалды балбандар Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Амантур Исмаилов, Үзүр Жусупбеков, оор атлетикадан Иззат Артыков, жиу-житсудан ага-инилер Муртазали Муртазалиев менен Абдурахманхаджи Муртазалиев, пенчак силаттан Жолдошбек Акимканов менен Данияр Токуров, дзюдодон Артур Те менен Владимир Золоев, бокстан жалгыз Азат Усеналиев тагынды.

Ошондой эле курама команда самбо, ушу-саньда, каноэ менен байдаркада сүзүү, жаа атуу, өзбек күрөшү, көркөм жана спорттук гимнастика, карате, велоспорт, футбол, волейбол, фехтование, үстөлдөгү теннис, ат спорту, ок атуу, баскетбол, сууда сүзүү, таэквондо сыяктуу спорттун түрлөрүнөн байгесиз кайтты.

Эл-жерди даңазалаган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары

ДКО 2-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө өттү. Иш-чаранын программасына спорттун 37 түрү киргизилген. Анын ичинде 15 мамлекеттин улуттук оюндары бар болчу. Уюштуруучулар 103 өлкөгө чакыруу жиберген, бирок 82 өлкөдөн (Россиянын 12 субъектиси) 1976 спортчу катышты. Натыйжада кыргызстандык спортчулар 103 медалга ээ болду. Анын 40ы — алтын, 32си — күмүш, 31и — коло болду. Көчмөндөрдүн негизги оюну болуп эсептелген көк бөрү мелдешинде Кыргызстандын командасы намысты алдырган жок.



Дагы: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Табылды Кадырбеков