Мындагы окуялар ойдон чыгарылган, кокустан окшоштук болушу мүмкүн.
Жармастандын 120 Сайказан жармачысы бар. Буларыңдын салты да кызык. Сайказанга жарманы жакшы кайнатып алышкандан кийин, ар кимиси даражасына жараша кашык-чөмүчү менен сузуп алышып, беттерине ысык жармадан шыбап чыгышат. Анысы жармачы экендиктерин башкалар билип турушу үчүн жасалат. Ырас эле кайра-кайра шыбана беришип, катмар-шакмар болуп кеткен беттериндеги жармасынан улам алардын жармачы экенин алыстан тааныйсың. Анан жармачы келатат деп жол бошотуп турасың, дайыма төргө өткөрөсүң. Баса буларыңдын баскан-турганы, жалыйнасы, жанагы кайнаткан жармасы жалпы казынадан каржыланат. Бирок ошого жараша идея да ушулардан чыгат. Бу идея дегениң булардын башына кантип батып жүргөнүнө таң калбай кое албайсың?!
Бул жолу айтылуу жармачы Ожобек Саржүрмөев укмуш идея айтпадыбы. Аны угуп мурда эле айтпайт беле деп калдык. Көрсө Иштеп шаарындагы тыгындан кутулуунун иттен оңой жолу бар экен. Ал үчүн борбордун ортосундагы администрациялык имараттарды шаардын четине көчүрө салсак эле, анда иштеген кызматкерлер шаардын борборуна келбей, машиналарын да ошол жакка коюп, жыргап эле калат экенбиз.
Бирок бу жармачы дегениң сырдуу калк. Баарын эле ачык айта беришпейт. Ожобек Саржүрмөев дагы ал имараттарды кантип көчүрө турганыбызды айткан жок. Сыягы ал имараттарды эптеп домкрат менен көтөрүп алып, анан дөңгөлөк тагып түртүп жөнөйт окшойбуз. Антели десек, Иштеп шаарынын көчөлөрү тардык кылган жатпайбы. Антпей эле шаардын четине жаңы имараттарды кура салалы десек бюджет өп-чап.
Же ал имараттарды асман аркылуу алып өтсөкпү? Аны көтөрө турган алп кара кушту кайдан табабыз? Ушу жагы да табышмак болуп турат.
Кантсе дагы эми кичине күтө турушубуз керек окшойт. Себеп дегенде Ожобек Саржүрмөев бул маселе боюнча кайрылган журналистке, анын сырын эмкиде айтам деп коюптур. Ошону менен дагы кичине чыдай турат окшойбуз. Жармачы Ожобек Саржүрмөев оң жамбашынан жата турган күн да бардыр...
Булак: http://kabar.kg