Жээнбеков Жаңы жылдык балатыга аймактардан 1100 бала чакырды

26 декабря 2018 Жээнбеков Жаңы жылдык балатыга аймактардан 1100 бала чакырды

Жаңы жылдык балатыга өлкөнүн бардык аймактарынан 1100 окуучу чакырылган.

Сооронбай Жээнбеков эртең, 26-декабрда, Кыргыз улуттук филармониясында жыл сайын өтүүчү Жаңы жылдык балатыга катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Мамлекет башчынын атынан өткөрүлгөн Жаңы жылдык балатыга өлкөнүн бардык аймактарынан мектеп курагындагы 1100 окуучу чакырылган.

Балдардын арасында — окуунун мыктылары, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана мелдештердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелгендер бар.



Дагы: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Табылды Кадырбеков