Бишкек мэриясы бош орундарга конкурс жарыялады

26 декабря 2018 Бишкек мэриясы бош орундарга конкурс жарыялады

Мэрияда коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн башчысы, укук коргоо органдары менен байланыш жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүм башчысы кызматтары бош.

 Бишкек мэриясы муниципалдык кызматтагы бош орундарга конкурс жарыялады.

Ага ылайык, мэрияда коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн башчысы, укук коргоо органдары менен байланыш жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүм башчысы кызматтары бош. Ошондой эле жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бөлүмүнө, транспорт бөлүмүнө жана мэриянын борбордун аппаратынын экономика жана финансы бөлүмүнө алдыңкы адис керек.

Андан сырткары, мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүндө да бош орундар бар. Атап айтканда, Октябрь, Биринчи май, Свердлов райондук администрациясына да кызматкерлер талап кылынууда. Жумуш издеп жүргөндөргө кандай талап коюларын бул жактан карап таанышыңыздар.



Дагы: sputnik.kg, фото-© пресс-служба мэрии города Бишкек