26 декабря 2018
Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Алмазбек Акматалиев КР президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору болу
Ага ылайык, тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Президент башка жарлыгы менен аталган окуу жайдын ректору Алмаз Насыровду кызматынан алды.
Акматалиев буга чейин Нарын мамлекеттик университетинин ректору, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин ректорунун кеңешчиси, 2010-2012-жылдары мамлекеттик башкаруу академиясына ректор болгон.
Белгилей кетсек, КР президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясы быйыл жай айында мамлекеттик кадр кызматынын карамагына өткөн.
Дагы: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Табылды Кадырбеков