Отунбаева Жээнбековго кайрылуу жолдоп, анда Өмүрбек Текебаевге ырайым кылууну суранган.
Мурдагы президент Роза Отунбаеванын камактагы экс-депутат Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу боюнча өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго жолдогон сунушун Жогорку Кеңештеги бардык алты фракциянын лидерлери колдоду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
Ага ылайык, Отунбаеванын сунушун Алмамбет Шыкмаматов ("Ата Мекен"), Алмазбек Баатырбеков ("Кыргызстан"), Алтынбек Сулайманов ("Бир Бол") жана Бакыт Төрөбаев ("Өнүгүү — Прогресс"), Жыргалбек Турускулов ("Республика — Ата-Журт") жана Иса Өмүркулов (КСДП) колдоп берген.
Белгилей кетсек, Отунбаева 25-декабрда Жээнбековго кайрылуу жолдоп, анда Өмүрбек Текебаевге ырайым кылууну суранган. Ошондой эле ал бул сунушун Жогорку Кеңештеги фракция лидерлерин колдоого чакырган.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаев Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" жана "Алдамчылык" беренелери боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган.
Дагы: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Табылды Кадырбеков