Көзү азиз триатлет Абдувалиев: мас киши сабап экинчи көзүм да көрбөй калган

26 декабря 2018 Көзү азиз триатлет Абдувалиев: мас киши сабап экинчи көзүм да көрбөй калган

Спорт күйөрмандары көзү азиз триатлет Жалалдин Абдувалиевди жакшы тааныйт. Ал буга чейин мүмкүнчүлүгү чектелгендер катышкан паратриатлон боюнча Азия чемпионатында эки жолу коло медаль тагынган. Эми ийгилигин мындан ары да улантып, 2020-жылы Токиодо өтчү Паралимпиадага катуу даярданып жаткан кези.

Жалалдин Абдувалиев тагдырдын оор түйшүгүнө моюн сунбай жашап келет. Ал сууда сүзүү (750 м), веложарыш (20 км) жана чуркоону (5 км) камтыган паратриатлондо жараткан ийгилиги менен гана чектелген эмес. Спортчу ошол эле кезде өзү сыяктуу көзү көрбөгөн жарандардын коомго аралашуусуна да жардам берет. Sputnik Кыргызстан агенттиги спортчу менен жолугуп жашоосу, триатлон жана көзү азиздердин азыркы абалы тууралуу баарлашты.

— Көз көйгөйүнө качан кабылдыңыз эле?

— Жалал-Абадда төрөлгөм. Жарык дүйнөгө көзүмдөгү көйгөй менен кошо келиптирмин. Бир көзүм тубаса көрчү эмес. Азыр 25 жаштамын. Тукумубузда бар дарт экен. Экинчи көзүм 60 пайыз көрчү. Алгач жөнөкөй эле мектепте окуп баштагам. 4-класска келгенде Оштогу атайын мектепке которулдум. Бирок аба ырайы жакпай, көнүшө албай, эки жылдан кийин кайра кайткам. Өз айылымда 9-классты бүткөн соң колледжге тапшырып калдым. Студенттик кезде күндүз окуп, кечкисин официант болуп иштейт элем. Ошондой түндөрдүн биринде кафеде банкет болуп жаткан. Анан мастардын бири мени катуу сабап салды. Мындан улам экинчи көзүм да көрбөй баштады. Көп жолу дарыландым, бирок пайдасы тийген жок. Ошентип 2014-жылдан баштап өз алдымча баса албай калдым.

— Азыр бир көзүңүз канчалык деңгээлде көрөт?

— Бир көзүмдө бир аз жарык, шоола көрүнүп турат. Менден элдин баары "көрөсүңбү же көрбөйсүңбү" деп сурай беришет. Бирок мен көрбөйм деп эле айтам. Көзүң толук көрбөсө, көзү азиздер менен эле жүргөн жакшы. Анткени өзүңө да, чөйрөгө да жеңил болот. Мисалы, көчөдө таяк менен жүрүп бирөөнү сүзүп кетсең же ыңгайсыз абалга кабылсаң түшүнүү менен кабыл алышат. 

— Спортко кантип келип калдыңыз?

— 2014-жылы Бишкекке келип окуп баштаганда ар кандай тренингдерге катышып жүрдүм. Анан өз алдымча чуркай баштадым. Негизи мектепте дене тарбия сабагынан бошотулгандыктан спортко жакын эмес элем. Убакыт өткөн сайын чуркоо жага баштады. Себеби стадионго келген сайын жаңы адамдар менен таанышып, сүйлөшөсүң. Анан мелдештерде орундарга илеше баштадым. Ошентип жүрүп триатлон жөнүндө уктум. Триатлон — сууда сүзүү, велосипед тебүү жана чуркоону камтыйт. Паратриатлондо көзү көрбөгөн кишини ар дайым бирөө коштоп жүрөт. Суу ичинде экөөң жип менен чогуу байлансаң, веложарышта эки адамдык велосипед тебесиң. Интернеттен караштырып жатып триатлондогу эң жогорку даража болгон "темир адам" Канат Келсинбеков тууралуу окуп калдым. Триатлон федерациясынын президенти Чыңгыз Алканов менен да чуркап жүрүп таанышып калган элем. Мындан улам машыгууга болгон дымагым күчөдү. Бирок алгач бир топ эле көйгөйлөр жаралды. Сууда сүзгөндөн кичинемен эле коркчумун. Машыктыруучу таппай койдук. Эки-үч машыктыруучу абалымды көрүп баш тартты. Андан сырткары, велосипеддер да абдан кымбат экен. Бирок эң башкысы туура ниет кылып аракетибизди токтоткон жокпуз. 2016-жылы күзүндө гана азыркы машыктыруучум Андрей Ханадеев өз карамагына алды. Башында ага да аябай кыйын болду. Бизге боору ооруп, көп кыйначу эмес. Кийин гана бизге деле башка адамдардай мамиле кылуу, аябоо керек экендигин түшүндү. Андан соң жылыш боло баштады. Ошентип 2016-жылы триатлонго биринчи кадамды таштадым. 

— Катышкан мелдештериңизден кеп сала кетиңиз?

— 2016-жылдан бери эки жолу Азия чемпионатында коло медаль тагындым. Алгачкы чемпионаттын таржымалы абдан кызык. Себеби өзүм триатлон менен 2016-жылдын ноябрында гана машыгып баштагам. Ал эми Азия биринчилиги Филиппинде төрт айдан кийин өтмөк. Ал аз келгенсип, мелдешке эки жума калганда велосипедден катуу жыгылып, колумду оорутуп алдым. Машыктыруучум колунан келишинче дарылап жүрүп айыктырды. Анан бассейнде гана сүзүп жүргөн жаным ал жакта өмүрүмдө биринчи жолу океанга түштүм. Бассейнге окшобойт экен, дароо чарчайсың. Мелдеш күнү аба ырайы бузулуп бир метрге жеткен толкундар жүрүп жатты. Корко баштадым. Мени менен тандемде жарыша турган Канат Келсинбеков болушунча күч берип, кеңештерин айтты. Кыйынчылыктарга карабай үчүнчү болдук. Ал эми ушул жай мезгилинде өткөн Азия чемпионаты мурдагыдан бир топ кыйын болду. Себеби күчтүү атаандаштар көбөйө баштаптыр. Алардын техникалары да аябай мыкты экен. Биринчи чемпионатта жалпы жарышты 1 саат 26 мүнөттө өтсөм, экинчисинде 1 саат 7 мүнөттө өтүп коло тагындым. Биздин велосипеддерибиз бир аз жакшы болгондо алтын талашмакпыз.

 

— Спорттогу башкы максатыңыз 2020-жылы Токиодо өтчү Паралимпиадага катышуу экендигин айтканыңыз бар экен?

— Паратриатлон 2016-жылы биринчи жолу Паралимпиадага кирген. Мен да триатлон менен алгач машыгып баштаганда эле эң негизги максатым катары Токиодогу Паралимпиадага катышууну белгилегем. Азыр даярдыктар жакшы деңгээлде өтүп жатат. Кудай буюрса, катышуу менен гана чектелип калбастан байгеге илешип Кыргызстандын желегин желбиретем деп турам.

— Мамлекет тарабынан кандайдыр бир жардамдар болобу?

— Эми бериле башталды. Биз биринчи жылы жалаң гана демөөрчүлөрдүн эсебинен мелдештерге катышып жаттык. Быйыл гана 15 миң сом стипендия ала баштадым. Ал көп нерсеге жетпейт экен. Спорттук бут кийим эле 7-8 миң сом турат. Жакшы велосипеддердин баасы бир үйдүн акчасына тете экен. Азыр машыгууга, спорттук техникаларга кеткен каражатты федерация көтөрүп жатат. Эми бир эле бизге эмес, биздин ийгилибизге чоң салым кошкон машыктыруучуларга жетишерлик акча бөлүнсө деп үмүттөнүп жатабыз. 

— Спорт сизге эмне берди?

— Спорт ийгиликтүү инсан болуунун алмашкыс бир бөлүгү экенин түшүндүм. Спорт турмушта кыйынчылыктарга сынбоону, моюн сунбоону үйрөтөт. Кара күч жактан гана эмес, руханий да күчтүү болууга шарт түзөт. Максатыңа жетүү үчүн ар дайым аракет кылуунун жолун көрсөтөт.

— Сиз ошол эле учурда көзү азиздердин коомдо өз ордун табуусу үчүн да иш алып барат экенсиз. Ушул тууралуу айта кетсеңиз?

— Биздин кичинекей коомубуз бар. Көзү азиздер үчүн Орто Азиядагы жаңы идеологияны алып келип жатабыз десем болот. Азыр бизде көрбөгөндөр үчүн советтик методикага ылайык мамиле кылынат. Ал — бүт шарттар түзүлүп, ар дайым бирөөнүн жардамы менен жашаш керек деген мамиле. Биздин жаңы идеология боюнча көзү азиздерге социалдык мамиле жасалат. Көрбөгөн киши бүт нерсени өз алдынча жасай алышы керек. Көзү азиз киши мен көрбөйм деп тагдырга моюн сунуп койсо, анын жашоосу абдан кыйын болот. Биздин коом көрбөгөндүктү физиологиялык жетишсиздик катары кабыл алууга үйрөтөт. Мисалы, бирөө семиз, бирөө арык, башкасынын кулагы чоң же мурду кичине болушу мүмкүн. Эч ким алардан "эмнеге сенин кулагың чоң?" деп сурабайт да. Көзү азиздер көрбөйт, бирок колу-буту бар, бардык сезимдери иштейт. Биз ушул нерсени бардык көзү көрбөгөндөргө жеткирели деп жатабыз. Атайын 6 айдан 9 айга чейин тренингдерди өткөрөбүз. Ижарага батирлерибиз бар, ошол жакта жашагандар бар. Бул жерде өзүн-өзү башкарып, жоопкерчиликти ала башташат. Беш багыт менен окутабыз. Биринчиси — жазганды жана окуганды үйрөнүшөт. Көзү азиздердин арасында тамга тааныбагандардын саны көп. Андан соң азыр технологиянын заманы болгондон кийин компьютер, смартфон колдонууну үйрөнүшөт. Өзүн-өзү тейлөө да негизги сабактардын бири. Үйдөгү бүт жумуштарды — лампочка алмаштыруудан тамакка чейин өз алдынча жасашы керек. Себеби бирөөгө көз каранды болуп жашоо көп учурда кыйынчылык жаратат. Төртүнчүсү — тил үйрөнүү. Айылдан келгендерге орусчаны, орусчаны билгендерге англис тилин окутабыз. Анткени бул тилдерде маалымат көп. Анан эң башкы сабагыбыз — "ак таякча" менен өз алдынча басуу. Бул таякча узун жана жеңил. Мурдагы биз билген таяктардан айырмасы чоң. Алар көргөн кишилер тарабынан көрбөгөндөр үчүн жасалса, "ак таякты" көрбөгөн кишилер иштеп чыккан. Мындан улам өтө эффективдүү, атайын колдонуу техникасы бар. Көзү азиздерге жардамы чоң. Коомубузда 5-6 инструктор бар. 

 

— Негизи эле биздин өлкөдө көзү азиздерге жетишерлик шарт түзүлгөнбү?

— Биз ушул жаатта да иш алып барабыз. Сиз "көзү азиздерге атайын учүн шарт түзүлгөнбү" деп жатпайсызбы. Биз, тескерисинче, коомдогу жашоого, шартка азиздерди ылайыкташтыруу үстүндө иштейбиз. Себеби биз азчылыкпыз. 10 миң киши үчүн атайын жол жасоонун кереги жок. Ал эми түптүз тротуарлар бир эле бизге эмес, көргөн адамдарга да керек. Коомдук транспортторго үн системасын киргизүү эң негизги маселелердин бири. Кайсы аялдамага келгениңди айтып туруу көрбөгөндөргө эле эмес, кары-картаңдарга, шаарга жаңы келгендерге, туристтерге деле керек. Негизи эле коомдо көзү азиздер үчүн орчундуу тоскоолдуктар жок. Негизги кыйынчылыктар үй-бүлөдө жана адамдын өзүндө. Көрбөгөн киши өзү уялып, "таяк көтөрүп жүрсөм эл эмне дейт" дей берсе, коомго аралаша албайт. Биз кишинин коомго өз алдынча инсан катары кирүүсүнө шарт түзүүгө аракет кылабыз. Бирок ага биздин коом, адамдар азырынча даяр эмес. Жөнөкөй эле мисал, жолдо баратсаң эл бул кишиге жардам керекпи же керек эмеспи деп ойлонбой туруп эле жардам берүүгө өтүшөт. Балдар менен светофордун жанында туруп унаалардын келишин, кантип өтүүнү үйрөтүп жатсаң, башкалар келип дароо эле колуңдан жетелей баштайт. Мен жөн эле турамбы же башка жакка барамбы, аны ойлонбойт. Эми аларды деле түшүнөсүң. Жардам берейин деп жатышат да. Бирок алгач учурашып, жардам керекпи деп сураса туура болмок.

— Эң чоң көйгөй үй-бүлөдө деп калдыңыз. Ушуга токтоло кетсеңиз?

\\— Туура, эң чой көйгөй үй-бүлөдө. Ата-эне жакшылык кылам деп баласынын кийинки келечегин жок кылып койгонун өздөрү да байкабай калат. Алар деле балам кыйналбасын, эч нерсе кылбай үйдө отурсун дешет. Бизге андайлар көп эле келет. Жакында жашы 30дан өткөн, үйдөн эч жакка чыкпаган бирөө кайрылды. Үйдө отура бергендиктен булчуңдары атрофия оорусуна чалдыккан. Бизге келгендердин баары "көрсө жашоо ушундай болот турбайбы, мен башкача элестеткем" деп айтышат. Бул нерсеге толук ата-эне күнөлүү деп айта албайм. Бирок бул жаатта жетиштүү билими жок болгондуктан көзү азиз баласына кандай мамиле кылуу керек экендигин биле беришпейт. Демек, ушул багытта иш алып барган мекеме-коомдорго кайрылуу абзел. Себеби баланын билимдүү болуусу эң негизги маселе. Мамлекетти күнөөлөп отура берсек жылыш болбойт. Бийлик деле колунан келишинче шарт түзүп, жардам берип жатат. Албетте, мындан да жакшы кылса болот. Билим алганга, иштегенге мүмкүнчүлүк түзүп берсе сонун болмок.

Жакында эле бир окуя болду. Бир кызыбызды жумушка киргиздик. Көрүп жүрүп көрбөй калган кыз болгондуктан бизге аябай депрессияда келген. Көп нерсени үйрөнүп, жашоону жаңыдан баштап калды. Кафеге идиш жууп, ашканага жардам берип ишке кирди. Ага медициналык китепче керек экен. Жасатканы барса, ошол мекемедеги кызматкер кол койбой аябай кыйнады. Сен үчүн кооптуу деп макул болбой жатыптыр. Тиги кыз болсо бир нече убакыттан бери иштеп жаткан. Бул өтө туура эмес көрүнүш. Атайын иштейм деп келгенден кийин мүмкүнчүлүк түзүп бер. Кайра азамат деп көңүлүн көтөр. Анан эки-үч күн ээрчитип жүрүп кол коюп берди. Адамдардын баары эле жакшы. Бирок өз оюнда жакшылык кылып жатам деп туура эмес нерсени кылып алганын аңдабай калышат. 

— Сиздин коомго бардык эле көзү азиздер кайрыла алышабы?

— Ооба, каалагандардын баары кайрылса болот. Коомго аралашайын, жаңы нерсе үйрөнөйүн деген көзү азиз жарандар келе беришсин. Офисибиз Борбор Азиядагы Америка университетинде жайгашкан. Биз менен 0773 656 617 номери аркылуу байланышып, кеңеш алып турса болот.



Дагы: sputnik.kg, фото-© Фото / Сергей Греховодов