25 декабря 2018
Темирбекова министрдин орун басарлыгына 2013-жылы дайындалган болчу.
КР маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова кызматтан кетүү чечимин кабыл алганын Facebook баракчасына жазды.
"Жаңы мүмкүнчүлүктөр менен идеалар үчүн ордумду бошотууга мезгил келип жетти. Бардык тармакта кызматташууга ачыкмын", — деп жазды ал.
Темирбекова кайрылуусунда чогуу иштешкен бардык тараптарга ыраазычылыгын билдирген.
Айнура Темирбекова 2013-жылы 28-августта маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болгон. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарын уюштурууга активдүү катышкан.
Дагы: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Табылды Кадырбеков