25 декабря 2018
Жол кырсыгы 24-декабрда саат 23:45тер чамасында катталган.
Ысык-Көл районундагы Балыкчы — Чолпон-Ата — Каракол жолунун 60-чакырымында (Чоң-Сары-Ой айылы) Honda Stepwgn жана Mercedes-Benz 210 үлгүсүндөгү жеңил унаалар кагышкан. Анын кесепетинен эки киши каза болуп, төрт киши жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, жол кырсыгы 24-декабрда саат 23:45тер чамасында катталган.
"Кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши каза болуп, эки эркек жана эки аял ар кандай жаракаттарды алышкан", — деп айтылат маалыматта.
Кырсык болгон жерге куткаруучулар келип жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып, аларды тез жардам кызматы алып кеткен.
Дагы: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Александр Кряжев