Сынак өткөрүлүп жаткан сайтка азыртан эле миңге жакын ураан жарыяланды.
Жай мезгилинде өлкөнүн туристтик урааны боюнча жарыяланган сынак дагы деле уланууда. Анын байге фондусу 5 миң долларды түзөрүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.
Ведомстводон билдиришкендей, көптөгөн мамлекеттер туристтердин эсинде калып, өзүнө тарта турган кыска-нуска ураан же эн тамгаларды колдонот.
Уюштуруучулардын максаты — бир укканда эле Кыргызстанды элестеткен уникалдуу ураан табуу. Кийин аны бардык туристтик агенттиктер колдоно алат.
Жеңүүчү 2019-жылдын 31-мартында аныкталмакчы.
Сынакка катышууну каалагандар уюштуруучулардын сайтына катталып, шарты менен таанышып алса болот.
Сайтка азыр кыргыз, орус жана англис тилиндеги миңге жакын ураан жарыяланды.
Дагы: sputnik.kg? фото-© Sputnik / Михаил Дудин