Бишкек мэри Суракматов депутаттыкка талапкерлер тизмесинен чыгарылды

25 декабря 2018 Бишкек мэри Суракматов депутаттыкка талапкерлер тизмесинен чыгарылды

Тизмеден чыгуу боюнча арызды Суракматов өзү берген.

 Бүгүн, 24-декабрда борбор калаанын мэри Азиз Суракматов Жогорку Кеңешке КСДПдан депутаттыкка талапкерлер тизмесинен чыгарылды. Бул тууралуу БШКдан кабарлашты.

Тизмеден чыгуу боюнча арызды Суракматов өзү берген.

Белгилей кетсек, бүгүн КСДП фракциясынан депутат Музаффар Исаков мандатын тапшыруу боюнча арызын берди. Тизме боюнча андан кийин Азиз Суракматов турат. Бирок ал дагы баш тартып койгондуктан мандат тизмедеги Өмүрбек Бакировго берилиши мүмкүн.



Дагы: sputnik.kg, фото-© пресс-служба мэрии города Бишкек