Наристенин атасы ким экени белгисиз болууда.
Таякталып чарчап калган наристенин энеси Россияга иштегени кете электе баласы менен Токмокто жашачу. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, 21 жаштагы аял баласын таякесине калтырып Россияга иштегени кетип калган. Социалдык кызматтын өкүлдөрү бул боюнча билишкен эмес. Алар 2016-жылдан бери жакыр үй-бүлө катары министрликтин каттоосунда турат. Төрт бала үчүн 3564 сом жөлөк пул алып келишет.
Министрликтен билдиришкендей, наристенин атасы ким экени белгисиз, анткени күбөлүгүндө маалымат көрсөтүлгөн эмес.
Буга чейин Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз райондук ооруканасына денесинде көгала тактары бар наристе түшкөнү маалымдалган. Бир нече убактан кийин бала эсине келбей реанимация бөлүмүндө чарчап калган.
Суракка алынган 40 жаштагы аял баланы ага сиңдиси таштап кеткенин айткан. Ал ошондой эле наристе шымына сийип койгону үчүн чыбык менен чаап, чымчып койгонун моюндаган.
Дагы: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Павел Львов