Шектүүлөр аялдын үйүнө күндүзү эле кирип бычак такап коркутуп карактап кеткен.
Ош шаарында үй карактоого шектелип эки улан жана үч кыз кармалды. Бул туурасында шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.
© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА УВД ГОРОДА ОШ
Задержанные по подозрению в вооруженном налете в Оше
Шектүүлөр 23-декабрь күнү саат 17:30дар чамасында Апсамат Масалиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган 21 жаштагы аялдын үйүнө кирген.
"Тобу менен кирген каракчылар үй ээсине бычак кезеп коркутуп, 1500 доллар, 13 000 сом акчасын, кымбат баалуу iPhone 6 үлгүсүндѳгү уюлдук телефонун, баасы 3500 сомдук курткасын жана башка буюмдарын алып кеткен. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. 24-декабрга караган түнү кылмышка шектелип Ош шаары жана облусунда жашаган эки эркек менен үч кыз кармалды. Алардын экөө 18ге чыга элек өспүрүм", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факты боюнча 168-берене (Каракчылык) менен кылмыш иш козголду. Тергөө иштери жүрүп жатат.
Өздүк булактардын билдиришинче бул окуяга шектелип кармалгандардын арасында буга чейин социалдык тармактарда бир кызды канжалата сабаган видеосу тарап кызуу талкуу жараткан "Бема ХБКовская" деп аталган кыз дагы бар.
Милиция ал кыз мурда дагы эки ирет уурулук жана бейбаштык беренеси боюнча соттолгонун маалымдаган.
Дагы: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Табылды Кадырбеков