Вашингтон алсыздыктан туталанып жатат: Орусия Африканы АКШнын “колунан көз көрүүнө тартып алууда”

24 декабря 2018

Орусия өз алдынча болуп, Москва мурун өзгөчө активдүүлүгүн көрсөтпөгөн региондордо Вашингтонго кубаттуу атаандаштыкты түзүп жатканы маерикалыктарга анча жакпай турат. Кененирээк чет элдик Hill басылмасы билдирди.

АКШнын президенти Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Дон Болтон вашингтондук Heritage Foundation изилдөө институтунун отурумунда африка өлкөлөрүндө Орусия менен Кытай Америкага “насыпсыз атаандаштык” түзүп жатат деп билдирди.

Америкалык саясатчыга Москва менен Пекиндин Африкага каражаттарды салып, жеке саясий басымды өстүрүп жатканы жакпай калды. Кеңешчинин пикири боюнча, бул атаандаштыкты түзүп, “Кара континентте” өзүнүн кызыкчылыгы бар Америка Кошмо Штаттарына тоскоолдук жаратат.

Болтон Орусия менен Кытай өздөрүнүн аракеттери менен Американын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө тоскоолдук жаратып жатат деген сөзү менен өзүнүн нааразылыгын белгиледи. Мындан тышкары, өлкөлөр АКШнын аскердик операциясына кийлигишип, улуттук коопсуздукка коркунуч жаратып жатат. Саясатчынын сөзү боюнча, буга чейинки АКШнын Африкадагы саясаты бир катар кемчиликтерге ээ эле, ошол эле учурда африка өлкөлөрүнө колдоо катары бир миллиарддан ашык каражат бөлгөн. Бирок, Вашингтон өзү үчүн каалаган жыйынтыкка жетише алган жок, ал эми азыр Африканы “колдон жуудуруп жатат”. Эми Ак үй Африкадагы БУУнун тынчтыкты орнотуу миссиясын колдоону “кайрадан анализдөөнү” пландап жатат жана операциялар натыйжасыз деп табылса, ага катышуудан баш тартып кетет. Hill басылмасы Орусия менен Кытайдын автивдүүлүгү күч алганга чейин Трамптын администрациясынын өкүлдөрү өздөрүнүн билдирүүлөрүндө Африканы сейрек эске алышчу.

Болтондун билдирүүсү көбүнчө алсыздыктын туталануусуна окшошуп кетет. Америкалык саясатчы Орусия менен кытайды – дүйнөлүк аренада олуттуу атаандаш катары таануу кыйын болууда. Аталган өлкөлөр өздөрүнүн мамлекеттеринен тышкары өздөрүнүн кызыкчылыктарын коргой алышат. Андыктан, Вашингтон өзүнүн миллиарддарын БУУну шантаж кылуу менен болсо да кайтара албайт.

Өзгөчө каршылаш катары Орусия Федерациясын элестетүү татаал, аны бир катар жылдан бери санкциялар менен басууга аракет кылып келишет. Бирок, аны толук ишке ашыра албай жатышат. Узак жылдар бою Вашингтон үстөмдүк кылган бир полярдуу дүйнөнүн доору аягына чыкты. Москва жана Пекин өзүнүн дараметин жана аскердик мүмкүнчүлүгүн өтө олуттуу кеңейтти, алардын саясий экспансиясын эки чуулгандуу сөз менен токтотуп коюуга мүмкүн...

Булак: https://politexpert.net/133413-vashington-v-isterike-bessiliya-rossiya-vybivaet-afriku-iz-pod-nog-ssha?fbclid=IwAR0R4fbjX4wLpGWB_4fVMhXHxZMnhJDxL0ZYVfX8QM1thANnfuWjibamJ5s