Түркмөнстанда бюджетте иштегендер пахта терүүгө мажбур болушууда

20 октября 2018

Түркмөнстандын Лебап облусунда элди мажбурлап пахта талаасына чыгаруу уланууда. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы аймактагы өз булактарына шилтеме кылып билдирди.

 

Булактын айтымында, пахта талааларына мугалимдер, дарыгерлер жана медайымдар дем алыш күндөрү чыгарылып жатат. Мындан тышкары аймактагы заводдор менен ишканалар дагы кызматкерлеринин бир бөлүгүн пахта теримге жөнөтүп турууга милдеттендирилген. «Октябрь жаңы гана башталды, бирок пахта дээрлик жокко эсе. Эгер пахта талааларына сырттан көз сала турган болсок, анда өтө сейрек кездешкен ак тактарды гана көрүүгө болот», - деди булак.



​https://www.azattyk.org/a/29533158.html​​​