Түркияга чейин экспорттолгон пахта, тамеки... Ош облусунда эмнелер өндүрүлөт

24 декабря 2018

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Аймактарды өнүктүрүү жылына карата облустарда эмнелер өндүрүлүп, кайсы рынок эмне продукция менен камсыздалып жаткандыгын тизмектөөнү улантат. Бул ирет Ош облусу жөнүндө сөз болот.

Ош облусунда жети район (Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Чоң-Алай), үч шаар (Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн), 79 айыл өкмөт, 469 кыштак бар. Аймакта бир миллион 314 миңдей адам жашап, 110 ишкана толук кандуу иштейт.

Кир жуучу машиналар

Ушул жылы ачылган кир жуучу машиналарды чогулткан завод учурда ийгиликтүү иштеп келет. Кыргыз-өзбек ишканасында 60ка чукул адам жумуш менен камсыз болуп, бир жыл ичинде 50 миң кир жуугуч машинаны чогултуу пландалган.

Алтын, мрамор, көмүр…

Аймакта 10 көмүр, бир алтын кени иштейт. Андан сырткары, мрамор казган 17, цемент чыгарган үч өндүрүш жайы бар. Ал ишканалар тарабынан тогуз айда 1 миллиард 718 миллион 821 миң сомдук продукция өндүрүлүп, коңшу өлкөлөргө 132 миң тоннага жакын цемент чыгарылган.

Сүт азыктары жана шире

Айыл чарбасы жолго салынган Ош облусунда мөмө-жемиштерди кайра иштеткен ишканалар дагы жок эмес. Мисалы, айыл жеринде жайгашкан бир цехтен эле жылына алмадан 100 тоннага чейин шире чыгарылып, өз продукцияларын Россия, Казакстанга чейин сатышат. Ошондой эле алча, кара өрүк, алма КМШ өлкөлөрүнүн базарларына жеткирилет. Андан сырткары, сүттү кайра иштетип, улуттук суусундуктарды чыгарган чакан эки цех иштейт.

Пахта, тамеки, самын…

Облус аймагында бир жылда 20 миң тоннага чейин пахта кайра иштелип Түркияга сатылат. Ошол эле пахтадан өсүмдүк майы жана самын жасалып ички базарга чыгарылат. Ал эми жергиликтүү дыйкандар өстүргөн тамеки Түркия менен Россияга 484 тонна көлөмдө экспорттолгон. Чоң-Алайда болсо, туз чыгарылып жергиликтүү тургундарга сатылат.

Курулуш материалдары

Ошто курулуш материалдарын чыгарган ондогон ишкана өз ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Алар акиташ, травертин, цемент, керамика, монолит плитасын, кыш, пластик түтүк жана терезе чыгарат. Продукциянын басымдуу бөлүгү өлкөнүн ички базарына кетет.

Бут кийим, шприц

Кара-Суу районунда медициналык шприц чыгарган цехте 17 адам иштейт. Жумушчулар өлкө ичиндеги кардарларды шприц менен камсыз кылуу менен алек. Элеттиктер жайкы бут кийимдерди чыгарууну да колго алган, алар жылына төрт миллион сомго бут кийим даярдайт.



Дагы: sputnik.kg, автор- Мирбек Сакенов, фото-© Фото / Секретариат Почетного консульства Народной Республики Бангладеш в г.Бишкек