Кемтигин эмес, артыгын издейли. Журт башчылары тууралуу

24 декабря 2018 Кемтигин эмес, артыгын издейли. Журт башчылары тууралуу

"Өлкөгө жетекчи болуу — миллиондордон бирөөнө буюрган милдет, тагдыр. Каалайбызбы же жокпу, мамлекеттин тарыхынын бир үзүмү анын аты жана амалы менен тыгыз байланышта" дейт колумнист Нуржигит Кадырбеков.

…2017-жылдын 24-ноябры. Бирде толкунданып, бирде сыймыктанып телени тиктеп отурдум. Анткени Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу эл шайлаган эки президент катар туруп, бири экинчисине бийлик деген бийик аманатты жакшы маанайда мыйзамдуу өткөрүп берип жаткан. Бири-бирине рахмат айтып, ак бата багыштаган. Удаалаш башкарган башка өлкө жетекчилеринин сүрөттөрүн көрүп, бизге качан ушундай саясий маданият келет деп суктанган элем. Анткени өлкөнү капсалаң учурда убактылуу жетектеген Роза Отунбаеваны эске албаганда, бир дагы башчыбызды тактыдан жакшылык менен узатпаптырбыз. Эгемендүү Кыргызстандын таржымалы ак-кара боёктун аралашмасындай болгон алгачкы эки ажосу мындай турсун, мекен үчүн кара жанын карч ура иштеген Искак Раззаков, чейрек кылым өлкө жүгүн аркалаган Турдакун Усубалиев, бийлик башында туруп таптаза бойдон калуунун өрнөгүн дагы бир жолу көрсөткөн Апсамат Масалиев да "зордун түбү кор" дегендей, бир ооз жылуу сөз укпай, тескерисинче, сындалып, таланып, түрткүнчүк болуп кетишкен экен бийликтен. Ошол көрүнүшкө чекит коюлуп жатканына кантип кубанбайсың? Өлкөгө жетекчи болуу — миллиондордон бирөөнө буюрган милдет, тагдыр. Каалайбызбы же жокпу, мамлекеттин тарыхынын бир үзүмү анын аты жана амалы менен тыгыз байланышта. Демек, аларды сыйлоо, жок дегенде кызматтан адеп менен адамча узатуу — бул бийик саясий жана ички маданияттын көрсөткүчү.

Бирок жөндүү жөрөлгө, жакшы саясий салт түптөлдү деген кубанычыбыз көпкө узабады. Эки лидердин ошондогу урабас дубалдай бекем сезилген достугун, ортодогу ишенимин бир жылга жетпей ордун сыйпалап таппай калдык. Көз алдыбызда позитив негативге, достук душмандыкка, кызматташуу күрөшүүгө, биримдик тирешүүгө айланып кетти. Көңүл бурбай койгудай — бул көрүнүш мектептеги эки класстын атамандарынын эрегиши эмес. Таасири таасын, сөзүндө сөөлөт, башында дөөлөт бар эл тандаган башчылардын мамилелеринин чыңалуусу…

Жообу жок суроо

Экөөнүн мамилеси эмнеден бузулду? Кимден кетти? Ушул суроолорго жооп издебей эле коёлу, байболгурлар. Эгерде издесек, анда акыйкаттын түбүнө жетпей суй жыгылып, шек-күмөндүн сазына батып, сормосуна чөгүп кетебиз. Анткени ар кимдин өз чындыгы бар. Талаш-тартыштын аягы "мен буудай, сен саман, мен жакшы, сен жаман" менен аяктайт. Бул жүрөктөрдү андан бетер алыстатып, көңүлдөрдү көк муздай тоңдурат.

Ынтымак бир тарабы "сен жакшы, мен жаман" деген шартта гана келет. Башкаларын билбейм, бирок саясий чөйрөдө мындай руханий айкөлдүктү кезиктирүү оголе кыйын. Андыктан, арадагы арасат маселелерди тактап, орток пикирге келип, жалпы тил табуу жагын эки лидердин өздөрүнө калтыралы. Артына бир эле кылчайса, экөөнүн жүрөктөрүн бирдей жылытчу миң себеп табышар. Анткени тагдырдын тайгак жолдорунда далай сыноолорду ийиндешип бирге жеңип, далай ийгиликтерди чогуу багындырган. Бири үчүн бири алтын башын тобокелге байлап, чымындай жанын аябай алда кандай азаптарды баштан кечиришкен. Анан калса, саясаттын бир жакшы жагы бар: тараптар ар убак компромисске жол издешет. Демек, азыркы абалдын жакшылык менен аякташына үмүт зор. Кантип эле жыйырма жылдык жылуу мамиленин улуу мунарасын жарым жылдагы түшүнбөстүктөр биротоло түздөп, тегиздеп таштасын. Күйгөн же кулаган көпүрөнү кайра курууга болгондой эле бузулган алаканы оңдоо да колдон келчү иш, керек болсо милдет. Анткени кимде-ким жакынына үч күндөн ашык таарынып жүрүп акыретке кетсе азапталат деген кеп бар…

Калганыбыз кантебиз? Кеп мына ушунда…

Сөзү, анан өзү…

Бирөөдөн айып издеген жерде уруш ырбашы мүмкүн, асти басылбайт. Маселени чечүүнүн бир гана жолу —ар ким айыпты өзүнөн издегени дурус. "Ыймандуу адамдын бир көзү бирөөнүн мыкты жактарын, бир көзү өз кемчилдиктерин көрөт" деген акылман сөз тегин жерден айтылбаган чыгар. Дегеним, мындай кырдаалдын түзүлүшүнө кайсыл бир деңгээлде эки лидердин колтуктарына суу бүркүп жатып биз, жарандар да себеп болдук. Социалдык түйүндөрдөн, гезит беттеринен экөөнүн ортосуна чок сала турган не деген гана сөздөрдү сүйлөбөдүк, коллаждарды, карикатураларды жарыялабадык. Комментарийлер, бөлүшүүлөр, аларга коюлган лайктар жана дизлайктар тууралуу айтпай эле коёюн. Эки кишинин башы бириккен жерде саясаттын жаагын жара талдап, талкуулап, ар кандай кыйбат-ушактарды айтып алардын акыларына кирдик. Ортодо жылан уусундай ачуу сөздөрдү ташып абалды оорлоткондор да жок эмес. Эки лидер ошого карабай бир нече ай жакшы мамилесин сактап кала алды. Бирок акыры келип ынтымагы бузулду, калк көзүнчө кайым айтыша баштады. А дегенде сөзү, анан өзү болот деген ушул. Сөз деген жөн гана тыбыш жана тамга эмес. Сөз деген — энергия. Ошончо ыплас сөздөргө көмүлгөн, чөмүлгөн рухтар, дилдер, пикирлер кантип таза, саламат бойдон калсын.

Качан экөөнүн эрегишүүсү башталганда канча адамдар көксөгөн максатына жеткенсип, энеси эбактан тилеп жүрүп акыры уул төрөгөндөй кубанып, жеңил дем алып калышты. Конфликт оту өчүп баратканда жалынды жандантып коюу үчүн күйүүчү май издей башташты. Алда Кудай ай, адам неге уруш-талаштан мынчалык ракаттанат?! Корозго корозду, итке итти, Хабибге Конорду, "Реалга" "Барселонаны" салып, чабыштырып, алыштырып маашырлана кубанган адамдай кумарпоз макулук болбосо керек. Ошондой инстикттин жетегинде келип, эл-жерибизди башкарган эки башчыны кагыштырып тындык. "Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт" дегендей, бул инсандардын келишпестиги журналисттердин, саясатчылардын, маалымат каражаттарынын жана саясий күчтөрдүн эле эмес, элдин ичинде да бөлүнүп-жарылууга себеп болору турган иш. Анткени лидер деген лидер, таасири мол, сөзү өтүмдүү болот.

Кимге пайда?

Жакшылык бар жерде адамдын кызганычы, ичи тардыгы, көралбастыгы кошо болот экен, аттиң. Эки лидердин ынтымагына шүгүр айтып, сүйүнүш ордуна ичи тарып, кадимкидей кызыл өңгөчүн тарткандар бар. Көралбастык адамды тез карытат дейт. Эки лидердин тиреши — ушундайлардын ден соолугуна гана шыпаа болбосо, көпчүлүк үчүн зыянынан башка пайдасы жок. Ынтымак кеткен жерде кайдагы береке, кайдагы кут? Ошондуктан эки лидер мүмкүн болушунча тез ысык ымалага келиши үчүн калганыбыз жок дегенде уктаарда дуба кылалы.

СССР өнөр жайлуу, аскери күчтүү мамлекет эле. Бирок урап жок болду. Эмне үчүн? Анткени андагы элдердин, адамдардын жүрөктөрү бири-биринен алыстап, ынтымагы ыдырай баштаган. Зор СССРди ураткан келишпестик Кыргызстан үчүн андан да жүз эсе кооптуу. Мына ушуну түшүнбөй, эки лидердин ортосуна от жагууну уланта берсек, өзү отурган бутакты аралаган акылсыздын кейпин киебиз.

Ынтымактуу менен Жараткан да бирге болуп, береке тартуулайт. Ынтымак бар жерде шайтанга жол жабылып, жакшы амалдарды кылуу жеңил болот. Бирок "Ырыс алды — ынтымак" деген макалды көрүнгөн дубалга илип коюу менен эле ынтымак келбейт. Ал адам адамга арам ойлобой салам жолдогон, даам таттырып белек тартуулаган, артынан мактап бата багыштаган, жумшак сүйлөп жүрөктөн ырайым кылган жерде болот. Адам адамдын кемчилдигин кечирип, артыкчылыгын баалап, катасына дароо ачууланбаган чөйрөдө болот.

Бириккендин сообу, бөлүнгөндүн күнөөсү оор. Ал эми лидерлер аларды ээрчиген миллиондордун сообуна да, айыбына да шериктеш болорун унутпаса.



Дагы: sputnik.kg, автор-Нуржигит Кадырбеков-фото-© Sputnik / Табылды Кадырбеков