Дарыгерлер Токмоктогу жол кырсыктан жабыркагандардын абалы боюнча маалымат берди

21 декабря 2018 Дарыгерлер Токмоктогу жол кырсыктан жабыркагандардын абалы боюнча маалымат берди

Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда 16-декабрда саат 16:30дар чамасында жол кырсыгы болуп, 5 киши каза болгон.

Жол кырсыктан жабыркаган үч кишинин абалы учурда канааттандырарлык экенин Ысык-Ата районундагы аймактык оорукананын директорунун орун басары Алсира Момуналиева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

 

Белгилей кетсек, 16-декабрда саат 16:30дар чамасында Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 50-чакырымында Toyota менен Volkswagen кагышып, экинчиси күйүп кеткен. Эки автокөлүктүн айдоочулары жана Volkswagen машинасындагы үч жүргүнчү дароо каза болгон. Toyota автоунаасындагы үч киши аймактык ооруканага жеткирилген. Кийин Саламаттык сактоо министрлиги жабыркагандар боюнча маалымат тараткан. 

Момуналиеванын айтымында, жабыркагандардын дагы бири Улуттук госпиталга которулду. Аймактык ооруканада 22 жаштагы бала калды, анын абалы канааттандырарлык.



Дагы: sputnik.kg,фото-© Фото / пресс-служба МЧС КР