Ошто сойкулукка мажбурланган 15 жаштагы кыз. ИИМ окуянын чоо-жайын айтты

4 ноября 2024 Ошто сойкулукка мажбурланган 15 жаштагы кыз. ИИМ окуянын чоо-жайын айтты

Ички иштер министрлиги Ош шаарындагы кордукка кабылган 15 жаштагы кыздын окуясы боюнча толук маалымат берди.

Эскерте кетсек, 27-август күнү акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ош шаарында зомбулук көрүп, сексуалдык кулчулукта кармалган 15 жашар кыз тууралуу маалымат таратып, укук коргоо органдарынын жетекчилерин өспүрүмдүн укугун коргоп, убакытты созбой чара көрүүгө чакырган. Кийинчерээк бул ишке шектүү катары 21 жаштагы бир кыз жана 27 жаштагы эркек киши кармалган болчу.

ИИМ 15 жаштагы кызды топ кыздар Кара-Суу районундагы каналга алып барып, эч себепсиз уруп, чачын жана кашын кырып, азыркы күндө күч колдонуп белгисиз даректе кармап отургандыгы тууралуу билдирүү 23-августта түшкөнүн кабарлады. 15-август күнү болгон окуя Ош ОИИБде каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.

"Натыйжада 15 жаштагы кызга кыздар-балдардын тобу зомбулук көрсөтүп, коркутуп сойкулукка мажбурлоого аракет жасашканы аныкталды. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренеси ("Сойкулук кылууга тартуу") менен кылмыш иши козголгон. Окуяга тиешелүү адамдардын баары белгилүү болуп, тергөө кызматына жеткирилген. Жыйынтыгында 21, 23, 20 жана 18 жаштагы кыздар кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.