Министрлик жыл башынан бери өлкөдө 16 миң иш орду түзүлгөнүн айтты

1 ноября 2024 Министрлик жыл башынан бери өлкөдө 16 миң иш орду түзүлгөнүн айтты

Кыргызстанда жыл башынан бери 16 миң жумушчу орду түзүлгөнүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Ведомство жыл соңуна чейин 38 миң иш ордун түзүү милдетин алган.

Жумуш орундары:

"Социалдык контракт" программасынын алкагында — 9,8 миң;

акы төлөнүүчү коомдук жумуштар — 5,8 миң;

жеке ассистенттин кызматы — 446.