Кыргызстанда быйыл дагы 250 миң жумуш ордун түзүү пландалууда

3 ноября 2024 Кыргызстанда быйыл дагы 250 миң жумуш ордун түзүү пландалууда

Кыргызстанда быйыл дагы 250 миң жумуш ордун түзүү пландалууда. Бул тууралуу эмгек министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди.

Ал өлкөдө эмгек миграциясынан кайтып келген кыргызстандыктарды ишке орноштуруу боюнча саясат жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

"Анын ичинен 38 миң жумуш оруну Эмгек министрлиги тарабынан түзүлгөн. Заводдор, мектептер, бала бакчалар жана башка ишканалар ачылып жатат. Келерки жылы дагы 100 ишкана ачуу пландалууда", — деди Дарманкул уулу.

Адис Sputnik агенттигинде өткөн "Кыргызстандын жакынкы 6 жылдагы миграциялык саясаты" аттуу брифингге катышты.