Калктын аялуу бөлүгүнүн көбү экстремалдык климаттык кубулуштар менен бетме-бет келгенде өздөрүнчө калып калышууда. Бул туурасында БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Бакуда Климаттын өзгөрүүсү боюнча алкактык конвенциянын тараптарынын 29-конференциясында айтты.
Саммит Азербайжанда кечээ, 11-ноябрда, башталган. Иш-чарада климаттык өзгөрүүлөргө ылайыкташуу боюнча каржылык маселелер да талкууланууда.
Башкы катчы каржылык тартыштык маселеси эң аялуу катмарларды (өнүгүп келе жаткан өлкөлөр) коргоо жана климаттын кесепеттерин жеңилдетүү үчүн өтө маанилүү экендигине токтолгон.
Гутерриш олуттуу финансылык ажырым тууралуу сүйлөп жатып, 2030-жылга карата адаптацияга болгон муктаждык менен жеткиликтүү каржылоонун ортосундагы ажырым жылына 359 миллиард долларга жетиши мүмкүндүгүн айтты.
Климатка адаптация болуу — өзгөрүп жаткан климаттык шарттарга ылайыкташуу үчүн көрүлүп жаткан чаралар, стратегиялар.
"Жетпей жаткан миллиарддар баланстагы жөн гана сандар эмес, бул — талкаланган тагдырлар, түшүм жана өнүгүүнүн кеч жүрүшү", — деген баш катчы.
Эске салсак, бул иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да катышууда.
Конференциянын уюштуруу комитетинин маалыматы боюнча, COP29дун күн тартибинин негизги демилгелеринин бири — климаттык каржылоого багытталган фонд түзүү.
"Бул фонд климаттык каржылоодогу боштуктарды жоюуда маанилүү роль ойнойт деп күтүлүүдө", — деп айтылат COP29дун уюштуруу комитетинин РИА Новости агенттигинин суроосуна берген жообунда.
Уюштуруучулар мурдараак аталган саммитке 80 мамлекеттен өкүлдөр катышарын билдиришкен эле.