Жыныстык катнашта аялдын жоон белин ичкертүүчү “поза” бар...

13 октября 2018 Жыныстык катнашта аялдын жоон белин ичкертүүчү “поза” бар...

Мындай позада аял эки жумада 5 килограммга чейин арыктап, бели арыктай түшөт.

Жыныстык катнаштын аялдын да, эркектин да ден соолугуна тийгизген пайдасы көп деп айтылат. Ары карай теманы кууп кете бере турган болсок, төшөктөгү “оюндун” түгөйлөрдүн жашоосуна канчалык таасир этери тажрыйба жүзүндө эле акталып жатканын ар бир окурман ичинен эле мойнуна алып жатса керек?!

Ал эми түрдүү позада аткарылган иштин айрыкча аял сымбатына таасир этерин уктуңуз беле? Мисалы, ден соолукка байланыштуу белгилүү бир абалда жыныстык катнашка баруу аял сымбатынасымбат кошот.

Сөзүбүз ишенимдүү болуш үчүн немец сексологдорунун төмөнкү изилдөөсүн сунуштайбыз.

Немец сексологдору жыныстык катнаш учурунда “поза” аял сымбатынакыйла таасир этерин аныктаган. Эң маанилүүсү – жыныстык катнаш учурунда белгилүү бир поза аялдын бел өлчөмүнө таасир этет.

Изилдөө учурунда сексологдор 480 түгөйдүн катышуусу менен тажрыйба жүргүзгөн. Ага катышкан эркектер менен аялдарга эки жума бою белгилүү бир позада гана жыныстык катнашка баруу сунушталган.

Тажрыйбанын аягында изилдөөчүлөр баштапкы көрсөткүч менен натыйжаны салыштырып олтуруп, кандай поза аялдардын сулуулугун көрсөтөрүн аныктап билишкен.

Натыйжа боюнча түз туруп жыныстык катнашка баруу – аялдын белин ичкертери аныкталган, башкача айтканда, жоон бел арыктай баштаган.

Мунун себеби эмнеде экенин да немец сексологдору түшүндүрүп берген. Төшөккө жатпай түз турган абалда махабат оюну менен алектенүү учурунда аял да, эркек да болушунча көп кыймыл жасоо аркылуу денеге күч келтирет. Анын таасиринен денедеги калория көп жумшалат.

Изилдөө жүргүзүлгөн эки жумада ага катышкан аялдардын басымдуу көпчүлүгүнүн бели ичкере түшкөн, 3-5 килограммга чейин салмак таштаганы да аныкталган.