Баткендин бир айылы тойдун чыгымын чектеп, калыңды азайтты. Репортаж

21 декабря 2018 Баткендин бир айылы тойдун чыгымын чектеп, калыңды азайтты. Репортаж

Ак-Турпак айыл аймагында быйыл той көп болду. Анткени алар той өткөрүүнүн жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүп, чыгымдарын эки эсеге кыскарткан. Айылдыктар мурда тойдон кийин карызын санап отуруп калса, азыр түшкөн акчага унаа сатып алып айдап жүргөнүн айтышат. Баса, бул жакта калыңдын баасы да азайган.

Кыргызстанда жакшыраак той өткөрүү үчүн бери дегенде 500 миң сом керек дешет. Эл арасында "эки-үч жыл Россияда тер төгүп чогулткан акчасын бир күндө чачып той өткөрөт да кайра келинчегин алып иштегени кетет" деген кептер айтылып жүрөт. Буга чейин сызга отургузган тойлор жана андагы инсультка жеткирген насыялар тууралуу да жазганбыз. 

Бул маселени активисттерден тарта депутаттарга чейин байма-бай көтөргөнү менен иш жүзүнө ашкан эмес. Ушул жазда Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кыргыз тойлорун жаңы үлгүдө өткөрүү боюнча сценарийге конкурс жарыялаган. Анын да башкы максаты ысырапчылыкка бөгөт коюу болуп саналат. Бирок аягы эмне менен бүткөнү белгисиз.

Баткендин Кадамжай районуна караштуу Ак-Турпак айыл өкмөтү ыксыз чыгым, ысырап той-аштарга иш жүзүндө бөгөт койду. Октябрь айынын башында жергиликтүү бийлик эл менен биргеликте тойлордун жобосун иштеп чыккан. Мындай эреже менен 100гө чукул үй-бүлө той өткөргөн.

Аталган айыл өкмөттүн башчысы Алчыбай Төралиев буга чейин той өткөрөм деп банктан насыя алган, карызга баткан учурлар көп кездешкенин белгилейт. 



Дагы: sputnik.kg, фото-© Фото / Замира Абдраимова