Кыздарга майдай жаккан мактоолор

13 октября 2018 Кыздарга майдай жаккан мактоолор

“Аял кулагы менен сүйөт” деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Орундуу тамашаны, сыпайы мактоону аялзатынын баары эле жактырары анык. Кооз мактоолордон мисал келтирип көрөлү. Муну окуган жигиттердин анча-мынча багы ачылды дей бериңиз, таң калуунун кереги жок.

Жигит: Мага телефонуңду бере тура аласыңбы?

Кыз: Аны эмне кыласың?

Жигит: Апама чалып, дүйнөдөгү эң сулуу кызды тапканымды айтайын.

***

Кыз: Эмнеге мынча кадалып карайсың, уялтып жибердиң го?

Жигит: Керемет сулуулуктан ырахат алуу - менин мүнөзүм.

***

Жигит: Карындаш, ооруй турган болдум?

 Кыз: Айта бериңиз.

Жигит: Жумуштан чарчап, маанайым чөгүп жүрөт эле. Угушумча, сулуулардын күлкүсү баарын өзгөртө алат экен. Мага карап бир жолу күлүп коё аласызбы?!

***

Жигит: Катуу чарчаган чыгарсыз?

Кыз: Эмнеге?

Жигит: Анткени, менин мээмде бир топ күндөн бери айланып жүрөсүз.

***

Жигит: Сизден жол сурайын дедим эле.

Кыз: Кайда?

Жигит: Сиздин жүрөгүңүзгө.