Кытай насыялары Африкадагы коррупциянын катализатору болууда

13 октября 2018 Кытай насыялары Африкадагы коррупциянын катализатору болууда

Financial Times гезитинин журналисттери Улуу Британиянын Кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча улуттук агенттиги (NCA) орус жарандарынын күмөндүү активдеринин келип чыгуусун иликтөө менен активдүү иш алып барарын билдирет.

Британ өкмөтү Лондон аркылуу жыл сайын жуулуп жаткан күмөндүү 90 млрд фунттун келип чыгуусун “тазалоо” демилгесин билдирди. “Агенттиктин кибер алдамчылык жана экономикалык кылмыштар боюнча департаментинин башчысы Дональд Тун орусиялык мигранттардын эсептерине жана кыймылсыз мүлктөрүнө, эгер алар өздөрүнүн капиталынын келип чыгуусун түшүндүрө түшүндүрө албаса, камакка алынышы мүмкүн экендигин белгиледи”, - дейт басылма.

Ошол эле учурда, NCA бир эле орусиялыктар менен алектенбей, Лондондо орун-очок алып калган мурунку СССРдин өлкөлөрүнөн, Африкадан жана Азиядан чыккандардын шектүү кирешелерин изилдөөнү ниеттенип жатат. Бул комплекстүү иш үчүн каржы чөйрөсүн жакшы билген кесипкөй жактоочулар, бухгалтерлер жана мыкты адистер тартылат. “Бүгүнкү күндө агенттик анализ жүргүзүү үчүн үч бай орусиялыктын активин камоого расмий ордер алган”, - деп жазат гезит. Аягында Дональд Тун быр жылдан кийин мындай ордерлердин саны көбөйөрүнө ишенерин билдирди.

Кытай насыялары Африкадагы коррупциянын катализатору болууда

Foreign Policy журналы Африка өлкөлөрүнүн өнүгүүсүнө Кытай тарабынан берилген каражаттардын көп бөлүгү жергиликтүү коррупционерлердин чөнтөгүнө кеткен деп жазып чыкты. 1960-жылдардан тартып Африка колонизаторлуука каршы өзүнүн саясатын жүргүзүп келет. Кытай өз кезегинде бул күрөштү өз кызыкчылыктары үчүн колдонуп, региондун элин карызга батырууга, аларды ресурстардан жана өзүнүн суверенитетинен ажыратууга аракет кылып келген. мисалы, Жибутиде мамлекеттик карыздан деңгээли ИДӨгө карата 86%га жеткен жана анын 80%дык үлүшүн Кытай берген насыялар түзөт. Замбияда мындай ойлонулбай алынган карыздар мамлекеттик электроэнергетикалык ZESCO компаниясын Кытайга өткөрүп берүүгө алып келиши мүмкүн деген божомолдор бар.

2018-жылдын августунда АКШнын бир катар сенаторлору финансы министри Стиван Мнучинге жана мамлекеттик катчы Мак Помпеого кайрылуу жөнөтүшкөн, анда Африкадагы жана Азиядагы “капиталдын куралдануусу” боюнча Кытайдын шарттарына байланыштуу өздөрүнүн тынчсыздангандыгын билдиришкен.

Бирок, африканын лидерлери Кытайдан ийкемдүү өнөктөштү көрүшөт, ошол учурда Кытайдан алынган насыялар бир гана ички инфратүзүмгө, жолдордун курулушуна жумшалбай, континенттин өлкөлөрүнүн жетекчилеринин өкүлдөрүнүн арасында коррупциянын күчөшүнө катализатор болгон.

Акыркы 20 жылда Кытай Африканын ири соода өнөктөшүнө жана чет элдик ири инвесторлордун бирине айланган. 2016-жылы Кытай менен Африканын мамлекеттеринин ортосундагы соода жүгүртүү 128 млдр доллардан ашып түшкөн, ошол эле учурда кошумча 140 млрд долларды Кытай региондун өлкөлөрүнө карыз катары берген.

2006-жылдан 2015-жылга чейин Кытай жана Африканын ортосундагы кызматташтук уюмунан берилген граттар 5 млрд доллардан 60 млрд долларга чейин өскөн. Басылма мыну менен катар Кытай Мозамбиктин президентинин резиденциясын, Конгонун парламентинин имаратын жана Угандада чоң мансаптагы аткаминерлердин резиденциясын куруу сыяктуу долбоорлорду ишке ашырган, бул Кытайга ушул өлкөлөрдүн лидерлерине “жагынууга” мүмкүнчүлүк берди деп белгилейт.

Кыргызстандык кыздар космоско микроспутник коё беришеби?

The Diplomat журналы “Кыргызстандан жылдыздарга: Кыргызстандын космостук программасы” деген аталыштагы макала жарыялады. Анда Кыргызстандык кыздардын микроспутник жасагандыгы жөнүндө жазылат. Мындай аппарттарды буга чейин Бутан, Гана, Монголия, Эстония, Бангладеш жана Латвия сыяктуу өлкөлөр жөнөтүшкөн.

2018-жылдын июулунда Бутан өзүнүн тарыхында биринчи жолу 10*10*10 синтиметр өлчөмүндөгү “Кьюбсат” (CubeSat) деген спутникти орбитага коё берген. Ушундай эле аппаратты эми Кыргыз кыздары да жасаганга аракет кылып жатышат. Kloop басылмасынын негиздөөчүсү Бектур Искендер билдиргендей, 2018-жылдын мартынан тартып кыздар келечектеги спутниктин тетиктерин программалоону жана 3D принтерде даярдоону үйрөнүп жатышкандыгын билдирди. Өзүнүн билдирүүсүндө спутник куруу мектебинин долбоору башталгандыгы жөнүндө Kloop мындай деп жазат: “Бизди Кыргызстандагы кыздарды, бийкечтерди жана аялдарды басмырлоо бизди тажатты. Көптөгөн үй-бүлөлөрдө кыздарды тейлөөчү кызматкерлер катары тарбиялаганы бизди тажатты. Аялдарга карата жүрөктүн үшүн алган он миңдеген адилетсиздик окуялар дагы бизди тажатты”.

Жайкы каникулдарга карабай, кыздар кылдаттык менен иштеп, техникалык көндүмдөрдөн тышкары, программалоо боюнча базалык билимге ээ болуп чыгышкан. Ал эми бул спутникти космоско учуруу үчүн 100 миң доллардын тегерегиндеги каражат керек.

2018-жылдын июнь айындагы абал боюнча долбоор 3400 доллар чогулткан, ага керек болгон материалдар сатылып алынган. Бүгүнкү күндө кыргызстандык космостук программа жеке долбоор бойдон кала берет. Өлкөнүн бийлиги же эл аралык коомчулук ага каржы жактан жардам көрсөтпөйт. Демилгечилер да өздөрү бул боюнча Кыргызстандын өкмөтү менен байланышкан эмес, деп жазат The Diplomat.

Узак жашаган айымдар

Washington Post гезити Жапония узак жагандардын саны боюнча рекорд койгонун, алардын көбүн аялдар түзөрүн жазып чыкты. 2018-жылдын июлунда Күн чыгыш өлкөсүнүн өкмөтү планетанын эң узак жашаган айымы – Чио Мияко – 117 жашка чыгып көз жумганын жарыялаган. Анын ордун салыштырмалуу планетанын узак жашоочусу катары башка жапон айымы – 115 жаштагы Кейн Танака ээлеши мүмкүн.

Жапониянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2017-жылы Күн чыгыш өлкөсүнүн 69 миң 785 жашоочусу 100 жаштын кырынан ашкан, алардын 88%ын аялдар түзөт. 1965-жылы кылым жашаган жапондуктарган саны 2 миң гана кишини түзгөн.

Жапонияда узак жашоочулардын саны өскөндүктөн, өлкөнүн өкмөтү атайын майрам – Улгайып калган адамдарды сыйлоо күнүн уюштурушкан. 100гө чыккан жана андан ашкан жарандар Жапонияны пемьер-министри Синдзо Абэнин атынан куттуктоо алышат. Жалпысынан Күн чыгыш өлкөсүнүн калкын тез картаюучу коом деп аташат. Бүгүнкү күндө жапондуктандын орто жашы 47 жашты түзөт. Жапониянын калкты жана социалдык камсыздоону изилдөө улуттук институту жакынкы он жылдыкта узак жашаган адамдардын саны 170 миң кишиге жетиши мүмкүн экендигин болжолдошууда.

Булак: https://rus.azattyk.org/a/world_press_review_sep/29493576.html