Израилдин премьери Нетаньяху Газада согуштун экинчи этабы башталганын билдирди

27 октября 2023 Израилдин премьери Нетаньяху Газада согуштун экинчи этабы башталганын билдирди

Максат ХАМАСтын аскердик жана саясий инфраструктурасын жок кылуу жана туткундарды кайтаруу экени айтылды.

Израиль Газа секторунда согуштун экинчи этабын баштады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн премьери Биньямин Нетаньяху билдиргенин РИА Новости жазды.

"Израилдин жарандары, кечээ кечинде биздин кургактагы аскерлер Газанын дарбазасына өтүштү. Бул максаты так коюлган согуштун экинчи этабы — ХАМАСтын аскердик жана саясий инфраструктурасын жок кылуу жана туткундарды кайтаруу", — деп Нетаньяху телевидение аркылуу калкка кайрылуусунда билдирген.

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал

Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестиндик-израилдик жаңжал ондогон жылдардан бери региондогу кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.

Абал 7-октябрда Израиль Газа сектору тараптан болуп көрбөгөндөй ракеталык чабуулга туш болгондон кийин курчуп кеткен. Сокку ургандан кийин ХАМАС жоокерлери еврей мамлекетинин түштүк аймактарына кирип барып, кыймылдын аскердик канаты "Аль-Акса топон суусу" операциясын жарыялаган.

Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль чабуул жасалгандан бир нече күн өткөн соң Газа менен чектешкен калктуу конуштарды кайра өз көзөмөлүнө алып, сектордун аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Мындан тышкары, аймакты толугу менен блокадалап, суу, азык-түлүк, электр кубаты, дары-дармек, отун ташуу токтотулган.

Палестина анклавында кандуу кагылышуудан мертингендердин саны 7700дөн ашты, 18 миң тургун жаракат алганы айтылууда. Ал эми Израилде 1,4 миңдей киши көз жумду, жаракат алгандар 5 миңден ашат.