Монголияга чейин кеткен лампалар. Жалал-Абадда дагы эмнелер өндүрүлөт?

20 декабря 2018 Монголияга чейин кеткен лампалар. Жалал-Абадда дагы эмнелер өндүрүлөт?

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Аймактарды өнүктүрүү жылына карата облустарда эмнелер өндүрүлүп, кайсы рынок эмне продукция менен камсыздалып жаткандыгын тизмектөөнү улантат. Бул ирет Жалал-Абад облусу жөнүндө сөз болот.

Жалал-Абад облусунда сегиз район (Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Тогуз-Торо, Чаткал, Токтогул), жети шаар (Токтогул, Кербен, Таш-Көмүр, Майлуу-Суу, Кара-Көл, Жалал-Абад, Көк-Жаңгак), 68 айыл округу бар. Аймакта бир миллион 168 миң адам жашайт.

Өлкөнү жарык менен камсыз кылган ГЭСтер

Жалал-Абад облусу өлкө аймагын электр энергиясы менен камсыздаган негизги чөлкөм. Ал жакта Союз учурунда курулган беш ("Таш-Көмүр", "Үч-Коргон", "Күрп-Сай", "Токтогул" жана "Шамалды-Сай") ири гидроэлектростанция иштеп, ушул жылдын 11 айында 11 миллиард 154 миллион кВт саат электр энергиясын өндүргөн.

Кендин түрүн иштеткен ЖЧКлар

Облус аймагында бир нече тоо-кен ишканасы иштейт. Анын арасында алтын, жез, күмүш, кремний, каолин чыгарган фирмалар да бар. Ошондой эле "Иштамберди", "Бозумчак", "Куру-Тегерек" өңдүү чоң кендеринде өндүрүштү жолго салган чет элдик компаниялар да жок эмес. Мисалы, бир ишкана 2017-жылы эле сегиз миң тоннадай жез, 41 миң унций алтын казып алган.

Нефть продукциялары

Облус аймагында Кыргызстан боюнча нефть жана газ өндүрүшүн колго алган жападан жалгыз ири ишкана бар. Ал геологиялык чалгындоо, бургулоо, нефть, газ кудуктарын казуу жана кайра иштетүү менен алектенет. Завод даяр продукциясы менен Кочкор-Ата шаарын, Майлуу-Суу лампа заводун газ менен камсыздайт. Ал жакта 2200дөн ашык жумушчу эмгектенип, бир жылда 80 тоннага чейин нефть, 35 миллион кубга чейин газ өндүрөт.

Майлуу-Суунун белгилүү лампасы

Майуу-Суудагы заводдон жыл сайын 100 миллиондон ашык лампа даярдалып сатылат

Ишкана лампанын 100дөн ашык түрүн чыгарып, Россия, Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Украина, Грузия, Армения, Монголияга чейин экспорттойт. Заводдон жыл сайын 100 миллиондон ашык лампа даярдалып сатылат.

Кайра иштетилген продукциялар

Жалал-Абадда да сүт азыктарын кайра иштеткен, мөмө-жемиштерден шире жана азыктарды чыгарган чакан ишканалар арбын

Башка облустар сыяктуу Жалал-Абадда да сүт азыктарын кайра иштеткен, мөмө-жемиштерден шире жана азыктарды чыгарган чакан ишканалар арбын. Андан сырткары, фирмалар эт, ун, күрүч, өсүмдүк майы жана минералдык сууну ири көлөмдө сатыкка чыгарат.



Дагы: sputnik.kg, фото-© Sputnik / Табылды Кадырбеков, автор-Мирбек Сакенов