Улуттук тазалык күнү: 1211 тонна таштанды чыгарылды

10 мая 2023 Улуттук тазалык күнү: 1211 тонна таштанды чыгарылды

Кыргызстанда өткөн ишембиде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн, жеке уюмдардын жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда масштабдуу экологиялык акция өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н.Жапаровдун “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдарга тиричилик таштандылары менен иштөө боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өткөзүлдү.

Жалпы республиканын масштабында өткөрүлгөн акциянын негизги максаты коомго калдыктарды өзүнчө чогултуу маданиятын киргизүү жана жарандардын экологиялык маданиятын жогорулатуу болуп саналат.

Жалпы республикалык ишембиликке жалпысынан 124 681 адам катышты. 33 738 кап катуу тиричилик таштандылары чогултулду. Чогулган компоненттер боюнча катуу тиричилик калдыктары төмөнкүдөй:

- пластик - 64 816 кг;

- айнек - 50 039 кг;

- макулатура - 49 958 кг;

- башка калдыктар - 1019976 кг.

Чогулган таштандылардын жалпы саны 1211 тоннаны түздү.

Чогултулган катуу тиричилик таштандылары компоненттери боюнча сорттолгон таштандыларды кайра иштетүүчү компаниялардын күчтөрү жана каражаттары менен чыгарылып, кайра иштетүүгө жиберилди.

Кайра иштетилбей турган башка таштандыларды андан ары көмүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана экоактивисттер ишембилик өтүүчү жерге жакын жайгашкан таштанды полигондоруна алынып чыгарылды.

Белгилей кетсек, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Кыргызстанда улуттук тазалык күнүн өткөрүүнүн координатору катары эки жылдан бери иш алып барууда.