Борбор калаада жана аймактарда: Жаратылыш ресурстар министрлигинин кызматкерлери ишембиликке чыгышты

18 марта 2023 Борбор калаада жана аймактарда: Жаратылыш ресурстар министрлигинин кызматкерлери ишембиликке чыгышты

Бүгүн, 2023-жылдын 18-мартында, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин борбордук аппаратынын, ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана аймактык башкармалыктарынын кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке чыгышты.

Жаратылыш ресурстары министрлигинин жамааты жетекчилиги менен бирге бекитилген аймактарды таштандылардан, куураган жалбырактардан тазалоо иштерин жүргүзүштү. Ишембилик учурунда арыктарды, сейил бактарды жана гүл бакчаларды тазалоого өзгөчө көңүл бурулду.

Белгилей кетсек, ишембилик бүгүн өлкөнүн жогорку жетекчилигинин катышуусу менен Кыргызстан боюнча өттү.

Иш-чара социалдык инфраструктураны, санитардык абалды жакшыртуу, шаарлардын жана калктуу конуштардын аймактарын көрктөндүрүү максатында өткөрүлдү.